✅ М. Сабиров атындагы мектептин аймагындагы объекттердин мыйзамдуулугу текшерилет
Автор: Osh Meriya
Загружено: 2026-01-21
Просмотров: 5567
📆Ош шаары, 21-январь
🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында тиешелүү кызматтар менен биргеликте №65 М. Сабиров атындагы жалпы билим берүү мекемесинин аймагын кыдырып чыкты.
🔹Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп аймагына курулуп калган турак жайлардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди. Шаар башчысы мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталган учурда тиешелүү кызматтар тарабынан 1-мартка чейин мектеп аймагын бошотуу боюнча эскертүү кагаздарын тапшырууну милдеттендирди.
🔹Ошондой эле рейддин алкагында мэр ар бир окуу каанасына кирип, окуучулар жана мугалимдер менен баарлашып, мектепте түзүлгөн шарттар менен таанышты. Анын жыйынтыгында 2026-жылы мектепти толук реконструкциялоонун зарылдыгын белгилеп, бир класстын окуучуларына жана мугалимине өз эсебинен белек берерин билдирди.
🔹Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билим берүү мекемелеринин аймагындагы жерлерди коргоо жана мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирген.
_________________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
#Ош_мэрия
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: