Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Жети күн Ж.Жоробеков: Салык төлөө – телефонуң өчүп калса чуркап барып акчасын төлөгөндөй болуш керек

Автор: Нарын Айып

Загружено: 2025-01-12

Просмотров: 108

Описание:

2025-жылдын алгачкы күндөрүндө болгон окуялар тууралуу саясат таануучу, профессор, ЖКнын мурдагы депутаты, азыр Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Жолборс Жоробеков менен маек.

– Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөт башчылары жолугуп, чек ара маселелерин талкуулап, бир пикирге келип жатканы өтө жакшы көрүнүш, анткени биз кылымдардан бери коңшу жашап келебиз, соода-сатыгыбыз биз, кыз алып, кыз берип дегендей. Отуз үч жыл мурда биз эгемендик алганда, мен ойлодум эле, ошол кездеги биздин кошуналык мамилелер Евробиримдиктегидей багытта өнүгөт го деп, бирок андай боло алган жок жана чек аралардын такталбаганы элди бир топ кыйнап жиберген. Эми гана маселе чечилди...

– Акыркы мезгилге чейин салык чогултуу бизде советтик ыкма менен жасалчу жана азыр ал системаны акырындап улам өзгөртүп, оптималдуу модель изделүүдө, кээ бир салыктар жоюлуп, алардын ордуна автоунаа айдагандар ар бир литр майдан бир сомдон төлөй баштады, бул – бир топ орчундуу жаңылык. Жалпысынан алганда, колунда барлар көбүрөөк салык төлөп, колунда жокторго жеңилдиктер берилгени жакшы. Менин оюмча, бийлик акырындап, ар башка варианттарды карап, эң ыңгайлуу жолду табат го...

– Жаңы жыл алдында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» деп аталган уңгужол иштелип чыгып, ага президент кол койду. Кыргыз мамлекетинин идеологиясын иштеп чыгууга мурда да бир топ аракет көрүлгөн, биринчи демилге Акаевдин учурунда көтөрүлгөн, андан азыр – «Манастын жети осуяты» деген гана бөлүгү сакталып калды. Бакиевдин учурунда да идеология издөө болгон, кийин бул иштер токтоп калды эле, азыркы доктринаны интеллектуал жигиттерибиз жазды, ал тууралуу жакында биздин Илимдер академиябызда чоң конференция болот. Бир кезде Исхак Раззаков эл алдында чыгып сүйлөгөндөн кийин, аны уккандар тоону томкоруп жибере тургандай дем менен залдан чыкчу...

Жуманын негизги окуялары:

– Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары кездешкен жерде 3 мамлекеттин өкмөт башчылары Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов жана Кохир Расулзода 8-январда жолугуп, чек ара жана өз-ара кызматташуу маселелерин талкуулады.
– Кечээ күнү, 10-январда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астанада казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки тараптуу маселелер талкууга алынды.
– 31-декабрда президент Жапаров – Жогорку кеңеш 20-ноябрда кабыл алган мыйзамга кол койду, аны менен советтик мезгилде репрессиялангандардын укуктары калыбына келтирилет.
– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 31-декабрда билдиргенге караганда, «Сапат» билим берүү тармагынын мүлкү толугу менен түркиялык «Маариф» фондуна өткөрүп берилди.
– Президент Жапаров 31-декабрда билим берүү тууралуу жаңы мыйзамга кол койду, ага ылайык, мамлекеттик мектептерде ата-энелерден милдеттүү түрдө акча чогултууга тыюу салынат.
– Asman Airlines авиакомпаниясы 9-январда учактарын Ош – Каракол – Ош каттамы боюнча учура баштады, каттамдар бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.


– Президент Садыр Жапаров 8-январда кол койгон жарлыкка ылайык, салык системасы бир кыйла жеңилдетилди – автоунаа жана айыл чарба үчүн пайдаланылган жер тилкелерине салынган салыктар жоюлду.
– Салык кызматы кечээ күнү билдиргенге караганда, 2024-жылы 228 млрд сом салык жана 74 млрд сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулуптур, 2023-жыл менен салыштырганда, бул 52 млрд сомго көп.
– Министрлер кабинети 8-январда – кошумча нарк салыгы салынбай турган товарлардын тизмесин бекитти, алар, негизинен, айыл чарба жана азык-түлүк өндүрүмдөрү.
– Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен товарлардын электрондук жолдомолорун оңойлотуу боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү, алар өз сунуштарын даярдап, бир айдан кийин өкмөткө бериш керек.
– Жаңы жылдык куттуктоосунда президент Жапаров – 2024-жылы дүң өндүрүм 9,4 пайызга өсүп, 1,5 трлн сомго жеткенин жана 2025-жылы 1 трлн 800 млрд сом болоорун билдирди.
– Министрлер кабинетинин чечими менен өлкөдө «Кылым-банк» деген 5-мамлекеттик банк түзүлмөй болду. Буга чейин 4 банк – «Айыл-банк», «РСК-банк», Өнүгүү банкы жана «Керемет-банк» мамлекеттик болчу.


– Өткөн жылдын аягында президент Садыр Жапаров «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» деп аталган уңгужолго (доктринага) кол койду.
– Кытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалып, 9-январда Лю Цзянпин ишеним кагаздарынын көчүрмөсүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевге тапшырды.
– «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына таандык «Айдан Фарма» заводу январда парацетамол, ибупрофен, аспирин жана ацикловир деген дарыларды чыгара баштады.
– Экономика министрлиги түзгөн таза компаниялар тизмесине 2024-жылы 8 ишкана кирди, алар 3 жылга текшерүүдөн бошотулат жана башка да жеңилдиктерге ээ болот.
– Баш прокуратура 30-декабрда билдиргенге караганда, мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен арак заводу мамлекетке кайтарылды, анын баасы 610 млн сом.

Жети күн Ж.Жоробеков: Салык төлөө – телефонуң өчүп калса чуркап барып акчасын төлөгөндөй болуш керек

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(10) { [0]=> object(stdClass)#4262 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "g1Guq6JZjzs" ["related_video_title"]=> string(114) "КЕЧКИ КАБАР 27.06.25: БИШКЕКТЕ УКМКнын ЖАЛГАН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ" ["posted_time"]=> string(19) "1 час назад" ["channelName"]=> string(33) "7-канал Кыргызстан" } [1]=> object(stdClass)#4235 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "sKGAbhDQUqc" ["related_video_title"]=> string(82) "ТАЛАНТ ТАТЫКТУУ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИБИ? ЭЛ ЖАРЫЛДЫ//" ["posted_time"]=> string(19) "1 час назад" ["channelName"]=> string(16) "Super Tamashalar" } [2]=> object(stdClass)#4260 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "eknJYxhTDz0" ["related_video_title"]=> string(110) ""Против Ирана применять ядерное оружие никто не собирается."" ["posted_time"]=> string(19) "2 дня назад" ["channelName"]=> string(11) "BARYS MEDIA" } [3]=> object(stdClass)#4267 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "TuDaG9OFCyU" ["related_video_title"]=> string(152) "КҮНДҮЗГҮ КАБАР 27.06.25: УКМК СОЙКУКАНАЛАРДЫ УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН ИРИ ТОБУН КОЛГО ТҮШҮРДҮ" ["posted_time"]=> string(21) "4 часа назад" ["channelName"]=> string(33) "7-канал Кыргызстан" } [4]=> object(stdClass)#4246 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "yq2fbVuqMFY" ["related_video_title"]=> string(172) "⚡️ЖИРНОВ: СРОЧНО! Путин НЕМЕДЛЕННО ДАЕТ ЗАДНЮЮ. Борт на БРИКС отменен. Трамп подставил Москву" ["posted_time"]=> string(21) "3 часа назад" ["channelName"]=> string(13) "24 Канал" } [5]=> object(stdClass)#4264 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "jqwzDLGuXrw" ["related_video_title"]=> string(165) "ФИЛЬМ КОТОРЫЙ ВЗОРВАЛ ВЕСЬ МИР! СТОИТ СМОТРЕТЬ ВСЕМ! Путешествие в джунглях! Русский фильм" ["posted_time"]=> string(19) "1 год назад" ["channelName"]=> string(4) "Film" } [6]=> object(stdClass)#4259 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "yC6d8QxcVjU" ["related_video_title"]=> string(171) "Удары США и Израиля ПОЛОЖИЛИ Тегеран на ЛОПАТКИ! ИРАН ПОВТОРИТ СУДЬБУ Югославии? ДЕТАЛИ @dwrussian" ["posted_time"]=> string(24) "20 часов назад" ["channelName"]=> string(23) "Вікна-новини" } [7]=> object(stdClass)#4269 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "NlGWT-YibfY" ["related_video_title"]=> string(84) "Силовой захват власти / Новая спецоперация РФ?" ["posted_time"]=> string(24) "10 часов назад" ["channelName"]=> string(10) "NEXTA Live" } [8]=> object(stdClass)#4245 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "Ose3_WIrCf8" ["related_video_title"]=> string(146) "Шендерович: Про русскую душу и Тихановского, молниеносную войну Израиля и Ирана" ["posted_time"]=> string(24) "11 часов назад" ["channelName"]=> string(13) "ВОТ ТАК" } [9]=> object(stdClass)#4263 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "SmmpD28Y4Rw" ["related_video_title"]=> string(97) "Кто раскачивает ситуацию в Армении. Владимир Погосян" ["posted_time"]=> string(22) "23 часа назад" ["channelName"]=> string(11) "Noyan Tapan" } }
КЕЧКИ КАБАР 27.06.25: БИШКЕКТЕ УКМКнын ЖАЛГАН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

КЕЧКИ КАБАР 27.06.25: БИШКЕКТЕ УКМКнын ЖАЛГАН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

ТАЛАНТ ТАТЫКТУУ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИБИ? ЭЛ ЖАРЫЛДЫ//

ТАЛАНТ ТАТЫКТУУ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИБИ? ЭЛ ЖАРЫЛДЫ//

"Против Ирана применять ядерное оружие никто не собирается."

КҮНДҮЗГҮ КАБАР 27.06.25: УКМК СОЙКУКАНАЛАРДЫ УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН ИРИ ТОБУН КОЛГО ТҮШҮРДҮ

КҮНДҮЗГҮ КАБАР 27.06.25: УКМК СОЙКУКАНАЛАРДЫ УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН ИРИ ТОБУН КОЛГО ТҮШҮРДҮ

⚡️ЖИРНОВ: СРОЧНО! Путин НЕМЕДЛЕННО ДАЕТ ЗАДНЮЮ. Борт на БРИКС отменен. Трамп подставил Москву

⚡️ЖИРНОВ: СРОЧНО! Путин НЕМЕДЛЕННО ДАЕТ ЗАДНЮЮ. Борт на БРИКС отменен. Трамп подставил Москву

ФИЛЬМ КОТОРЫЙ ВЗОРВАЛ ВЕСЬ МИР! СТОИТ СМОТРЕТЬ ВСЕМ! Путешествие в джунглях! Русский фильм

ФИЛЬМ КОТОРЫЙ ВЗОРВАЛ ВЕСЬ МИР! СТОИТ СМОТРЕТЬ ВСЕМ! Путешествие в джунглях! Русский фильм

Удары США и Израиля ПОЛОЖИЛИ Тегеран на ЛОПАТКИ! ИРАН ПОВТОРИТ СУДЬБУ Югославии? ДЕТАЛИ @dwrussian

Удары США и Израиля ПОЛОЖИЛИ Тегеран на ЛОПАТКИ! ИРАН ПОВТОРИТ СУДЬБУ Югославии? ДЕТАЛИ @dwrussian

Силовой захват власти / Новая спецоперация РФ?

Силовой захват власти / Новая спецоперация РФ?

Шендерович: Про русскую душу и Тихановского, молниеносную войну Израиля и Ирана

Шендерович: Про русскую душу и Тихановского, молниеносную войну Израиля и Ирана

Кто раскачивает ситуацию в Армении. Владимир Погосян

Кто раскачивает ситуацию в Армении. Владимир Погосян

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]