ЖАҢЫ “ОШ БАЗАРЫНЫН” АЯНТЫ АЗЫРКЫГА КАРАГАНДА 4-5 ЭСЕГЕ ЧОҢ БОЛОТ
Автор: ЭлТР Кыргызстан
Загружено: 22 мар. 2025 г.
Просмотров: 22 637 просмотров
Жаңы Ош базарынын инфраструктурасы толугу менен жаңыртылган, ыңгайлуу жана заманбап соода борбору болот. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасында маалымдады.
"Бишкектеги белгилүү Ош базары 1983-жылы расмий негизделгенден бери шаардыктарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп келет. Бирок учурда базардын инфраструктурасы заманбап талаптарга жооп бербей, соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн ыңгайсыз. Жайында ысык, кышында суук, кардан, жамгырдан коргогон эч шарты жок. Жаңы базар жабык, жайында кондиционер иштеп, кышында жылуу болот. Азыркы базар, шаардагы жол тыгындарынын негизги себептеринин бири деп айтсам дагы болот. Президент Садыр Жапаров Ош базарын шаардын сыртындагы жаңы жайга көчүрүп, азыркы базардын ордун сейил бакка айландыруу тапшырмасын койгон.
Жаңы “Ош базары” – аэропортко кетип жаткандагы жолдун боюна курулуп жатканын көрсөңүздөр керек. Инфраструктурасы толугу менен жаңыртылган, ыңгайлуу жана заманбап соода борбору болот. Азыркы Ош базарга караганда аянты 4-5 эсеге чоң болот. Бул ири соода комплексинин курамына ар кандай дүкөндөр, соода павильондору, кафелер, унаа токтотуучу жайлар жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар кирет", – деп маалымдады Орунбеков.
БИЗ СОЦ ТАРМАКТА:
ЮТУБ:
/ @eltr.maalymat
ФЕЙСБУК:
/ elkanaly
ИНСТАГРАМ:
/ eltr_kyrgyzstan
САЙТ:
https://eltr.kg/
КАНАЛГА КАТТАЛЫП ТАКТАЛГАН, АКЫРКЫ КАБАРЛАРГА КҮБӨ БОЛУҢУЗДАР.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: