АТТ 2024 Жараткандын бекер берген сүйүүсү - Махабат К - Ырыс Ч -Lyrics
Автор: ATT
Загружено: 2024-07-01
Просмотров: 3042
Бул ыр АТТ 2024 ырларынын бири. Сөзү: Махабат Керимкулова. Обону: Ырыс Чo. Аткаруучу: Тариел Т. Аранжировка: Максат Сабырбек уулу. This is one of the ATT 2024 praise songs. Lyrics: Mahabat K. Melody: Yirus Ch. Sung by Tariel T. Music arrangement: Maksat S.
Жараткандын бекер берген сүйүүсү
Сөзү : Махабат Керимкулова. Обону : Ырыс Чо.
Бийик тоолорум көк асманды тиреген
Бийик ойлорум өзгөрүлүү эңсеген
Жаратканым шайкеш жашоо бергенсийт
Адам өзү издебесе жетпеген
Кайырма:
Элдешип, тынчтык издеп Жараткандын алдында
Жан дүйнөңө кечиримди кабыл ал
Теңирдин бекер берген сүйүүсүн энчи кылып
Жүрөгүңдүн түпкүрүнө катып ал
Ойгон адам, ойлон адам эрикпе
Жаман сөзгө ачууланып терикпе
Текебер болуп өз күчүңө таянбай
Бир Теңирге баш ийүүдөн кечикпе
Бийик тоолорум көк асманды тиреген
Сансыз жылдыз адам ою жетпеген
Кереметтүү жаратылыш сырлaры
Эңсөө берип жүрөктөрдөн кетпеген
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: