Юлия Руцкая "Аппак сүйүү" / Yulia Rutskaya "Appak suyuu" (Official Video)
Автор: Юлия Руцкая
Загружено: 18 окт. 2013 г.
Просмотров: 117 741 просмотр
"Аппак сүйүү"
(слова и музыка: Нурак Абдырахманов)
Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток (ай)
Сен туш болдуң жаным көңүл назына.
Сенсиз көрккө келбей,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей
Билчи жаным билчи,
Жан дүйнөмө кирчи.
Сени күткөн бакыт эшигин, ачып киргендей.
Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор (ай)
Аккуу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.
Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп (ай)
Ай-жылдызга сермеп колду сунсаң да.
Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилейли
Өмүр наркы бизден,
Көңүл наркы бизден.
Майда адам майда сүйгөндөй, майда сүйбөйлү.
Чындык ошол жашоо шартында.
Эмне жетсин ыйык арзууга.
Мен да Сага аппак сүйүү берейин (ай),
Сен да мага аппак сүйүү тартууула.
Мен өзүмдү Сага бүтүн берейин (ай)
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: