Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Парламент төрагасы Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча кол топтоого комментарий берди

Автор: Баракелде

Загружено: 2025-09-16

Просмотров: 31

Описание:

Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таратуу боюнча жүргүзүлүп жаткан кол топтоо боюнча комментарий берди.

«Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча процедура жүрүп жатат. Муну ар кандай мааниде айтып жатышат. Мен төрага катары айтып коёюн: баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин аракеттеги парламентти таркатууга эч бир сырткы күчтүн же президенттин же аткаруу бийлигинин мыйзам боюнча эч кандай укугу жок. Парламент өзүн-өзү гана тарката алат.

Учурда парламентте жүйөөлүү себептер менен негиздерди келтирип, атайын демилге тобу түзүлүп, ал топ менин дарегиме төрага катары кайрылууну беришти. ЖМКдан көрүп жатасыздар, ага 32 депутат кол койгон. Мен демилгечи топтун жүйөөлөрүн толук окуп чыктым, алар негиздүү.

2027-жылдын январь айында президенттик шайлоонун датасын бекиткенбиз - январь айынын акыркы жекшембиси деп. Биздин шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек болчу. Ошондо 2 шайлоо паралеллдүү өтөт экен. Мындай чоң маанидеги, эң негизги шайлоолордун биринин артынан бири же экөөнү катар өткөрүш - саясий жактан дагы, экономикалык жактан дагы бир топ маселе жаратат. БШК дагы негиздеп жатат - шайлоо техникалык жактан эле эмес физикалык жактан дагы оор маселе болот. Андыктан биз сөзсүз түрдө же президенттик шайлоону же парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүшүбүз керек негиздүү болмок», - деген ал коомдо 7-чакырылыштын депутаттарынын дарегине бир топ сөз айтылып жатканын кошумчалады.

Парламент төрагасы Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча кол топтоого комментарий берди

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(0) { }

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]