Токтобек Асаналиев & Эркай Бактыбек кызы - Жаңырык (Official Video)
Загружено: 2025-12-08
Просмотров: 7188
Премьера клипа
Токтобек Асаналиев & Эркай Бактыбек кыз - Жаңырык (Official Video)
Слушать / Скачать: https://infinity.ffm.to/janyrak
Follow Toktobek Asanaliev:
Instagram: / toktobek_asanaliev
Facebook: https://www.facebook.c...
Жаңырык
Сөзү: Кыялбек Урманбетов
Обону: Токтобек Асаналиев
Кайдасың сен ыр сүйгөнүм,
Калган окшойм бул дүйнөнүн сыртында.
Арты жаман айрылуумдун,
Калдым мен да кайгы-муңдун журтунда.
Курган элек кандай майрам,
Кумарыбыз канбай калган…
Мезгил учпай жай жылсачы,
Келгин куштай кайрылсачы жаштыгым.
Аттигиң!..
Сен барың да ой-сезимде
Мен дайыма он сегизде.
Эргитип жан келесиңби,
Эркелетем элесиңди мен.
Бөлүнсөк да жолубузда,
Бөлүнбөйбүз оюбузда.
Өтсө дагы айлар агып,
Өчпөс ырга айланалык биз.
Аттигиң!..
Самап сени кубантууну,
Салам айтам күн аркылуу күнүгө.
Биздин жолдор кантип алыс,
Бир асмандын алдындабыз тирүүдө.
Түн уйкумду үч бөлөмүн,
Күндө сени түш көрөмүн…
Өзүң менен таңды тоском,
Өчөт кантип жанды кошкон жакшы күн.
Аттигиң!..
Сен барың да ой-сезимде
Мен дайыма он сегизде.
Эргитип жан келесиңби,
Эркелетем элесиңди мен.
Бөлүнсөк да жолубузда,
Бөлүнбөйбүз оюбузда.
Өтсө дагы айлар агып,
Өчпөс ырга айланалык биз.
Аттигиң!..
Айтып ичтен жалынычым,
Сага деген сагынычым бүтпөгөн.
Падышасмың арзуу тапкан,
Пайгамбардай алтын тактан түшпөгөн.
Жүрөгүмдү толгоп келем,
Чүрөгүмсүң кол жетпеген.
Жашай берет сени менен,
Жалыны бар кемибеген ак сүйүүм.
Аттигиң!..
Сен барың да ой-сезимде
Мен дайыма он сегизде.
Эргитип жан келесиңби,
Эркелетем элесиңди мен.
Сен барың да ой-сезимде
Мен дайыма он сегизде.
Эргитип жан келесиңби,
Эркелетем элесиңди мен.
Бөлүнсөк да жолубузда,
Бөлүнбөйбүз оюбузда.
Өтсө дагы айлар агып,
Өчпөс ырга айланалык биз.
Аттигиң!..
Ак сүйүү!..
© & ℗ Infinity Music. All rights reserved.
Music and Video are Copyrighted
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: