Өзгөндүк блогер милициядан кордук көргөнүн айтып чыкты
Автор: Turmush
Загружено: 24 мая 2019 г.
Просмотров: 6 613 просмотров
18-майда № 25 убактылуу кармоочу жайдан бошотулган Өзгөн районуна караштуу Мырза- Аке айылынын 32 жаштагы тургуну Бауржан Кадырбеков Өзгөн райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кордук көргөнүн айтып чыкты. Бирок, милиция кызматкерлери Бауржандын айткан сөздөрү, убактылуу кармоочу жайдагы жана сот залында көзөмөлдөөчү камерага тушүп калган тасмаларга такыр дал келбешин айтышууда.
Ал эми блогердин айтымында, ал Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндөгү милиция кызматкерлери тарабынан 8-май күнү негизсиз, жалаа менен камалган. Ошол эле убактылуу кармоочу жайда милиция кызматкерлери ур-токмокко алып, учурда ошонун кесепетинен эки буту жакшы баспай калганын айтты. Ал учурда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: