КҮНӨӨЛӨР САНСЫЗ АБДАН КӨП. АВТОР(Тамашаев.М)
Автор: ABUHANIFA.OFFICIAL
Загружено: 2026-01-22
Просмотров: 168
Токто өмүр алып кетпе суранам
Көңүл чөгүп көп күнөөмдөн уялам
Ой кыялдар алып учуп бир топко
Өлбөөчүдөй түр көрсөтөт карасам
Токтогунуң тообого келелекмин
Акылар бар ыраазы кылалекмин
Кечирим суроо ордуна ачууланып
Кекейип бой көтөрүп баса кеттим
Шашылба түн намазга туралекмин
Кол көтөрүп дубага кол суналекмин
Кадырына жетпей берген неематтардын
Жаштыгымды амалсыз ала кеттим
Ордум билбей оң жолдон оодарылдым
Оюн зоок күлкү менен сугарылдым
Оор жүктөй сезилип беш убактым
Нары бери окулду намаздарым
Карап көрсөм күнөөлөрүм санаксыз абдан көп
Тообо кылбай максатсыз жүргөн күндөр андан көп
Билмексенмин көп күнөөнү кылып коюп
Ашып ташкан сообум бардай күлүп коюп
Кой эми калган өмүрүң барктагының
Жер асмандын жаратуучусун мактагының
Салам жана салаватты пайгамбарга жолдоп
Токтобостон жакшы ишти баштагының
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: