Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Мээнин таң калычтуу сырлары!

Автор: БЕЙИШ НУРУ

Загружено: 2020-09-12

Просмотров: 111409

Описание:

МЭЭНИН СЫРЫ (Текстти жазган Нуриет Абдулазиз)
Мээ. Эң татаал жана али көп изилденбеген дене мүчөсү. Мээнин кереметтерин айтып олтурсаң деги таң калычтуу. Келиңиздер бүгүн бул кыска ролигибиз аркылуу мээнинин сырын аз да болсо ачканга аракет кылып көрөлү. Чынында 5-10 мүнөттүн ичинде бул татаал системаны айтып берүү мүмкүн эмес. Бирок бизден аракет, Жараткандан берекет.
Мээге кандайдыр бир белги нерв бөлүкчөлөрүнүн импульсу аркылуу жүзөгө ашырылганын көбү биле бербесе керек, дал ошол импульстун ылдамдыгы саатына 274 км барабар. Ошондуктан колуңузду капысынан балка менен уруп алсаңыз, денеңиз бир көз ирмемде ага реакция кылат. Мынчалык тездик менен реакция кылууңуздун себеби, албетте импульстун спорт унаасынан да тез ылдамдыкта маалымат жеткизүүсүнөн.
Адамдын мээси башка дене мүчөлөрүнө караганда көбүрөөк “дем алат”.
Мээнин салмагы бүткүл дененин 2% гана түзгөн менен, өпкө аркылуу келип жаткан кычкылтектин 20% сарптайт экен. Себеби мээнин тынымсыз иштөөсү үчүн абдан тез ылдамдыкта кан айлануусу кажет. Ошондуктан абанын(керектүү көлөмдөгү кычкылтектин) жетишсиздиги мээнин начар иштөөсүнө алып келет. Терең-терең дем алууну унутпаңыздар! Нерв клеткалары ар дайым жаңыланып турат.
Нейрондор биздин бүткүл өмүрүбүздүн аралыгында өсүп туруучу бөлүкчөлөр. Көптөгөн жылдар бою илимпоздор нейрондор жана нерв ткандары өсө албайт деген туура эмес тыянак чыгарып келишкен. Бирок нейрондор дене мүчөсүнүн башка ткандарынан айырмаланып,ар дайым өсүп-жаңыланып турат экен. Бул ачылыш көптөгөн мээ ооруларын изилдөөгө жана дарылоого жардам берди. Нейрондор арасындагы маалыматтын бири-бири менен алмашуусу ар кандай ылдамдыкта жүзөгө ашырылат. Маалыматтын көлөмү жана маанилүүлүгүнө жараша 0,5 м/с баштап 120 м/с чейин жетүүсү мүмкүн.
Мээге канча энергия талап кылынат?
Мээнин тынымсыз жана туруктуу иштеши үчүн,салыштырмалу 10-ваттык чырактын энергиясы сарпталуусу шарт. Көптөгөн бөбөктөр үчүн тартылган мультфильмдерде каармандар жаңы ой же пикир кылган учурда пайда болгон чырактын(лампочкенин) сүрөтү жөн жерден чыккан эмес. Адам баласынын мээси жадагалса уктап турган абалда да кичине чыракка жете тургандай энергия иштеп чыгат.
Мээ эч качан уктабайт.
Мээнин иштеши күндүзгүгө караганда түндөсү активтүүрөөк.
Көбүнө бул нерсе түшүнүксүз болуусу мүмкүн, анткени чын-чынына келгенде мээ күндүзү бир топ жумуштарды аткарат. Бирок баары биз ойлогондой эмес экен.Сиз “өчкөн” убакта, мээнин иштөөсү “күйгүзүлөт” экен. Азырынча илимпоздор мунун сырын билишпейт, бирок биз эч бир күмөнсүз Жараткан Аллахка шүгүр келтирсек да болчуудай, анткени мээ уктап жатканда да сизге билдирбей өз ишмердүүлүгүн уланта берет экен.
Түш көрүүнүн саны адамдын акыл-дараметине көз каранды.
Илимпоздордун пикири боюнча адам баласынын акыл-парасаты(интеллекти) канчалык деңгээлде бийик болсо, ошончолук көп түш көрөт. Кээ бир түштөрүңүздү эстеп кала албагандыгыңыз үчүн капаланбаңыз, анткени түштөрдүн көбү 2-3 секундадан ашпайт.
Адам баласынын мээсине канча маалымат батат? Адам баласынын мээси Британика Энциклопедиясына караганда беш эсе көп маалыматты эстеп калууга жөндөмдүү. Салыштыруу үчүн Британика Энциклопедиясынын акыркы санында 100 000ден ашуун макала бар. Азырынча адам баласынын мээси канча маалымат кабыл алуусу мүмкүнчүлүгү так аныкталбаса да,компьютердик тил менен айтканда мээнин көлөмү 3төн 1000 терабайтка чейин.
900 жылдык тарыхты өзүнө камтыган Британия Улуттук архивинин баардык материалдары биригип болгону 70 гана терабайт маалыматты түзөөрүн эске тутуп, адам баласынын мээси канчалык потенциалдуу экенин элестетиңиз.
Мээ өз алдынча ооруга чалдыкпайт.
Адам баласынын мээси өз алдынча ооруну сезбейт. Албетте ал колуңузду кесип алсаңыз, же болбосо күйгүзүп алсаңыз сөзсүз түрдө реакция кылат,бирок өзү ооруну сезбейт. Бирок мээнин бул сыпаты сизди баш оорудан кутулдурбайт, анткени мээни курчап турган ткандар, нерв жана кан тамыр түтүкчөлөрү ооруга абдан эле сезимтал келишет.
Мээ өз курамында 80% суудан турат.
Көпчүлүгү мээ дегенде эле тоо жаңгагына окшош, каттуу бир нерсени элестетишет. Бирок тирүү мээнин түсү кылкылдап турган саздын түсүнө окшош болот жана суу-кандын аралашмасынан турат.
Демек мээ биздин органдарыбыздын ичинен эң эле таң калычтуу керемет система болушу менен бирге, Жараткан Аллахты өзүнүн кооздугу, тартиптүүлүгү, көрүнүш жөнөкөй бирок иштөөсү татаал болушу менен далилдеп турат экен. Бул абалды Тиин сүрөсүнүн 4-аяты чынында эң сонун далилдеп турат!
“Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.”

Макаланы которуп, даярдаган Нуриет Абдулазиз

Мээнин таң калычтуу сырлары!

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

Мээнин иштешин жакшыртуучу 8 кеңеш

Мээнин иштешин жакшыртуучу 8 кеңеш

Мадинанын эшигин Исламиятка ачкан – Мусаб бин Умейир

Мадинанын эшигин Исламиятка ачкан – Мусаб бин Умейир

Итальянский язык А2 - Lezione 13. Comparativo   (Сравнительная стпень)

Итальянский язык А2 - Lezione 13. Comparativo (Сравнительная стпень)

Орусияда мектеп албай койгон мигрант балдар

Орусияда мектеп албай койгон мигрант балдар

Жашооңду өзгөртүүчү убакыт келди!

Жашооңду өзгөртүүчү убакыт келди!

КЫРГЫЗ тилин ШЫЛДЫҢДАГАН ушул ҮЧӨӨ кечирим СУРАШЫП/КЫЗ-ЖИГИТ унаада КҮЙҮП кетип/Өзгөндө АВАРИЯ болуп

КЫРГЫЗ тилин ШЫЛДЫҢДАГАН ушул ҮЧӨӨ кечирим СУРАШЫП/КЫЗ-ЖИГИТ унаада КҮЙҮП кетип/Өзгөндө АВАРИЯ болуп

Мбанк. Кантип Кыргызстанды басып алды? Бирок күч менен эмес. Apple жана Sony менен бирнече окшоштугу

Мбанк. Кантип Кыргызстанды басып алды? Бирок күч менен эмес. Apple жана Sony менен бирнече окшоштугу

Мээни талкалаган жана мээге пайдалуу азыктар. Мээнин иштешин жакшыртуу

Мээни талкалаган жана мээге пайдалуу азыктар. Мээнин иштешин жакшыртуу

КҮНДҮЗГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР 20.01.26: ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ДОЛБООРЛОР ЖАНА ҮНӨМДӨӨ ТУУРАЛУУ МАСЕЛЕ КОЗГОЛДУ

КҮНДҮЗГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР 20.01.26: ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ДОЛБООРЛОР ЖАНА ҮНӨМДӨӨ ТУУРАЛУУ МАСЕЛЕ КОЗГОЛДУ

Сиздин мээңиз кандай иштейт👀??? Логикалык суроолор🤪!!!

Сиздин мээңиз кандай иштейт👀??? Логикалык суроолор🤪!!!

Үммөт жетимиш үчкө бөлүнүп, бирөөсү кутулабы?

Үммөт жетимиш үчкө бөлүнүп, бирөөсү кутулабы?

СЕН ӨЗҮҢДҮ ОЙЛОБОСОҢ,СЕНИ ЭЧ КИМ ОЙЛОБОЙТ. ОЛУТТУУ МОТИВАЦИЯ! Наушник менен уккула 8D АУДИО МЕНЕН!

СЕН ӨЗҮҢДҮ ОЙЛОБОСОҢ,СЕНИ ЭЧ КИМ ОЙЛОБОЙТ. ОЛУТТУУ МОТИВАЦИЯ! Наушник менен уккула 8D АУДИО МЕНЕН!

Мигранттар жетишбей жатабы ?

Мигранттар жетишбей жатабы ?

Аллахты тааныткан АЛМА!

Аллахты тааныткан АЛМА!

Акча жана АКЫЛ /// Сиздин МЭЭҢИЗ канчалык ИШТЕЙТ? /// 1-САБАК

Акча жана АКЫЛ /// Сиздин МЭЭҢИЗ канчалык ИШТЕЙТ? /// 1-САБАК

Калыгул олуянын айткандары

Калыгул олуянын айткандары

Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!

Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!

ЭГЕР СЕН ЭЛЕСТЕТЕ АЛСАҢ, АНДА ЖАСАЙ ДА АЛАСЫҢ!  Джим Квик МЭЭНИН СЫРЛАРЫ!

ЭГЕР СЕН ЭЛЕСТЕТЕ АЛСАҢ, АНДА ЖАСАЙ ДА АЛАСЫҢ! Джим Квик МЭЭНИН СЫРЛАРЫ!

Мээ тууралуу 10 кызыктуу факт   | Талант_TV.

Мээ тууралуу 10 кызыктуу факт | Талант_TV.

УШУЛ ЗИКИРДЕН 1000 КҮНӨӨ КЕЧИРИЛИП,1000 СООП ЖАЗЫЛАТ (пайдалуу сабак). Шейх Чубак ажы

УШУЛ ЗИКИРДЕН 1000 КҮНӨӨ КЕЧИРИЛИП,1000 СООП ЖАЗЫЛАТ (пайдалуу сабак). Шейх Чубак ажы

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: infodtube@gmail.com