Бир ырдын баяны: "Жаңы жылды тосолу"
Автор: Канал-Т
Загружено: 2022-04-02
Просмотров: 943
Турар Кожомбердиевдин сөзүнө жазылган Сардарбек Жумалиевдин "Жаңы жылды тосолу" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#тураркожомбердиев
#сардарбекжумалиев
#каныкейэралиева
#жаңыжылдытосолу
"Жаңы жылды тосолу"
Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.
Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.
Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: