3 балалуу эненин өлүмү боюнча эки милиционер кармалды
Автор: Баракелде
Загружено: 2025-12-29
Просмотров: 117
47 жаштагы Жибек Урустемованын өлүмү боюнча милициянын эки кызматкери кармалды, деп билдирди 30-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы.
23-декабрда Бишкек шаарында Урустемова өзүнүн туулган күнүндө мурунку күйөөсү – 1978-жылы туулган У.Б.М. тарабынан өлтүрүлгөн.
Маркумдун артында үч уулу калды.
Бул кылмыш коомчулукта резонанс жаратып, кылмыш ишин УКМК иликтеп жатат.
УКМК билдиргендей, маркумда өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч бар экендигине байланыштуу жогорку деңгээлдеги коргоо ордери болгон. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык милиционери маркумдун кайрылууларына көңүл бурбай, анын жана балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көргөн эмес.
УКМКнын маалыматы боюнча, Урустемова өлтүрүлгөндөн кийин аймактык милиционер Ж.Н. өзүнүн аракетсиздигин жашыруу максатында шектүүнүн жашаган жери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөндүгү жөнүндө актыларды жасалмалаган.
Ошондой эле Бишкек ШИИББнын улук инспектору А.К. айыпталуучуга травматикалык тапанчаны сактоого жана алып жүрүүгө уруксааттын мөөнөтүн мыйзамсыз түрдө узарткандыгы аныкталды.
«Киши өлтүрүү болгон учурда уруксаттын мөөнөтү бүтүп калган, ал эми улук инспектор айыпталуучудан тапанчаны алуу боюнча эч кандай чара көргөн эмес», - дейт УКМК.
29-декабрда милиция кызматкерлери кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук соту аларды тергөө бүткүчө камакка алуу чечимин чыгарды.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: