Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

40 жылдан бери кайненеге кызмат кылган келин Буайша Паизова

Автор: Turmush

Загружено: 2025-10-07

Просмотров: 10179

Описание:

Жалал-Абад облусундагы эң улуу адам Бурма Субанкулова быйыл, 1-июлда 118 жашка толду. Ал Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында жашайт. Кылым карыткан апанын балдары менен кыздары ар жылы 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө чогулушуп турушат. Дубандагы эң улуу апанын абалын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы да сурап билди.

Бурма Субанкулова 1907-жылы Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон аймагында төрөлгөн. Кийин Бай-Мундуз айылына келин болуп, жолдошу экөө 4 кыз жана 1 уулдуу болушкан. Ал жолдошунан жаштайынан жесир калып, балдарын өз күчү менен чоңойтуп, эрезеге жеткирген.

Буайша Паизова бул үйгө келин болуп түшкөнүнө быйыл туура 40 жыл толду. Анын айтымында, Бурма апа экөөнүн мамилеси эне-кыздай болуп калган.

«Кайненелик ордун көрсөтүп, ошол эле учурда өзү да күйпөлөктөп жардам берип турчу. Кайненем балдарымды карагандыктан, жолдошум экөөбүз жумушка эркин чыга алчубуз. Талаага чыкканыбызда тамакты даярдап койчу. Кыздарымды тиричиликке тың кылып тарбиялап берди. Азыр тынбай ыраазычылыгын айтып, батасын берип турат. 40 жыл — чоң убакыт, экөөбүз тең бири-бирибизге көнүп калганбыз. Азыр чын эле эне-кыздай болуп калдык. Кайненем мага үй тиричилигинде көп нерсе үйрөттү. Азырынча келин жок, өзүм эле келинмин», — дейт ал.

40 жылдан бери кайненеге кызмат кылган келин Буайша Паизова

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(0) { }

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]