Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Автор: МВД КР

Загружено: 2025-10-08

Просмотров: 75414

Описание:

ИИМдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 3 - октябрь күнү саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам - тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын жансыз денелери табылган.

Ал эми, окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси "адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы суракка алынып, анын айтуусу менен шектүүнүн болжолдуу келбети түзүлүп, ички иштер органдарына издөө тууралуу багыттамалар берилген.

Бул кылмыш иши ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, тиешелүү кызматтарга кылмыштын бетин ыкчам ачуу боюнча тапшырмалар берилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан аймактагы видеокамералар текшерилип, ар бири дыкат карала башталган.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.С. коомдук жайларда орнотулган ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган жүздү таануу көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди.

Ошондой эле, шектүүнүн кайсы багытта жүргөндүгү боюнча видео маалыматтар такталып, Бишкек шаарынын аймагында жана ошондой эле Ысык-Көл облусуна чейинки аралыктагы видео көзөмөл камералары текшерүүгө алынган.

Азыркы учурда жасалган кылмыш ишинин жагдайларын аныктоого багытталган бардык зарыл ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Ички иштер министрлиги кылмышты ачууда жана көрсөтүлгөн колдоолору үчүн бардык жарандарга ыраазычылык билдирет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(0) { }

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]