ФГП жана FSDS колдоосу менен мигранттан ийгиликтүү ишкерге айланды.
Автор: Global Changes Foundation
Загружено: 24 мар. 2025 г.
Просмотров: 1 просмотр
🧑🧑🧒🧒Айзада Нурманбетова – төрт баланын энеси, көп жылдар бою миграцияда иштеген. Бирок ал тикмечилик кесибин ар дайым жакшы көрчү жана акыры кайра өз кесибине кайтууну чечти. Алгач үй шартында буюртма алып иштеп жүрдү. Кийин FSDS тууралуу долбоор боюнча “Глобалдык өзгөрүүлөр фондунан” угуп, бизнес баштоо үчүн окуп-үйрөнүүнү туура көрдү.
📚 Тренингдерге катышып, билимин арттыргандан кийин, ал көптөн бери кыялданып жүргөн өз ательесин ачууга ишеними күчөдү. Ишкердик долбоорун жазып, бизнес-планын ийгиликтүү коргоп, жабдууларды сатып алууга колдоо алды. Ишкер болуу чоң жоопкерчилик экенин түшүнүп, кесибин өркүндөтүү үчүн Москвага бир айлык дизайнер-модельер курсунан да өтүп келди.
🧵 Ал ийгиликтүү кайтып келгенден кийин тигүү жабдууларын алып, имаратты ижарага таап, өзүнө өнөктөш тикмечи айымдарды чакырып, ишин баштады. Азыр Айзаданын ательеси салтанаттуу кечелерге арналган эксклюзивдүү көйнөктөрдү жана аксессуарларды даярдайт. Учурда Айзада ательесинде 5-6 киши иштейт. Алар ар бири өзүнүн чеберчилигин колдонуп, кардарлар үчүн эксклюзивдүү көйнөктөрдү жана аксессуарларды даярдашат. Кардарлар анын колунан жаралган көйнөктөрдү кийип, башка адамдарга да сунуштап жатышат. Натыйжада, буйрутмалар күндөн-күнгө көбөйүүдө.
🚀Келечекте “Бархат-Сарпай” ишканасы кеңейип, салтанаттуу кийимдер рыногунда өзүнүн татыктуу ордун табарына ишенебиз. Айзадага ийгилик жана өсүү каалайбыз!
#ИсторияУспеха #fsds #gcf #стартап

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: