СИРЕНДЕРИМ
Автор: Бегайым Нуридин
Загружено: 2023-03-14
Просмотров: 988
Сирендерим
Жаз келди жайып жашыл килемдерин,
Келгендей келбес жайга жибергеним.
Сирендер жыпар чачса сени эстейм,
Сиреним,сирендерим силер менин.
Бул адат кайдан мага калган билбейм,
Адашкан арманымды жаздан издейм.
Жаңы ачкан бүчүр бойдон калсак кана,
Жашынып кеткичекти жалган бизден.
Жаз бойдон каларлыгым күмөн менин,
Жаштыгым сага учуруп жибергемин.
Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болуп,
Түбөлүк калышыңды билер дедим.
Сени эстеп жашай берем ойдо сонун,
Мен үчүн андан артык болбос орун.
Сезбесмин бул дүйнөдө кайгы барын,
Сен болсоң уктатарым,ойготорум.
Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин,
Жаштыктын жашап коюп ширин жерин.
Мунайдым...муңайбаска аргам барбы,
Мунарым, муң арманым---силер менин.
🖋️ Элмирбек Иманалиев
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: