УКМК: Курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатат
Автор: Телеканал Регион
Загружено: 2026-01-19
Просмотров: 2055
УКМК КР жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатат.
2026-жылдын 19-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев КР жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу деп таанылган жарандар менен жолугушту. УКМКнын штаб-квартирасында өткөн жолугушууга кармалган жаран да катышты.
Жыйындын башында УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев катышуучуларга төмөнкү маалыматты жеткирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон С.М. узак убакыт бою мыйзамсыз күрөө жана сүткорлук менен алектенгени аныкталган. Ал жарандарга атайылап кысым көрсөтүүчү шарттарда жана жогорку пайыздык чендер менен каражат берип, андан кийин пайда болгон карызды алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу үчүн колдонгон.
Тергөөдө аныкталгандай, турак жайларды, жер тилкелерди жана коммерциялык объекттерди кайра жол-жоболоштуруу, аффилирленген жактардын жана көзөмөлдөөчү нотариустардын катышуусу менен жалган жана ойдон чыгарылган бүтүмдөр аркылуу ишке ашырылган. Жабырлануучуларга кысым көрсөтүү, коркутуу жана психологиялык басым аркылуу, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарындагы байланыштарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен коштолгон уюшкан кылмыштуу иш-аракеттердин далилдери аныкталган.
Тергөө өзгөчө "Эксперт Строй" ЖЧКсынын («Шёлковый путь» турак жай комплекси) жана "Арз Девелопмент" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө багытталган. Аталган С.М. үлүштүк курулушка эки жер тилкесин берүү менен долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук кылып, камакка алуу жана келишимдерди бузуу демилгесин көтөрүп, өзгөчө ири өлчөмдө кошумча пайда алуу максатында мыйзамсыз талаптарды койгондугу такталган.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “Шёлковый путь” ТЖК, "Арз Девелопмент" ЖЧКсынын 89 үлүшчүсү, ошондой эле бир катар жеке адамдар жабырлануучу деп табылган. Жыйынтыгында жалпы материалдык зыян өзгөчө чоң деп бааланып, ага кыймылсыз мүлктү, унааларды жана каражаттарды мыйзамсыз ээликтен ажыратуу кирген.
Мындан улам, К.Ташиев УКМК кызматкерлерине бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырды.
Ошондой эле, генерал-полковник К.Ташиев жогоруда сөз болгон кылмыш ишин тергөө анын жеке көзөмөлүнө алынганын билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин жооптуу бөлүмдөрүнө бардык жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү аныктоо, тиешеси бар адамдарды аныктоо жана жабырлануучулар үчүн максималдуу компенсация төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
------------------------------------------------------------------
Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg
REGION TV @ Facebook / regiontvkg
REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: