Соңку жаңылыктар: Унаанын багажынан сөөгү табылган ишкер эмне менен алектенгени айтылды😲
Автор: Govori TV
Загружено: 2019-10-24
Просмотров: 6894
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Областык Ички Иштер Башкы Башкармалынан билдиришти.
Маалыматка караганда, маркумдун денеси токтоп турган унаанын багажынан табылган.
«23-октябрда милицияга Комсомол айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал «Манас» аба майданы тарапка кетип дайынсыз болуп жаткан тууганын табышууга жардам сураган. Ошол эле күнү милиция унаанын багажынан изделип жаткан 39 жаштагы сөөгүн табышты. Анын денесинде зомбулуктун белгиси аныкталды», -деп билдиришти Областык Ички Иштер Башкы Башкармалынан
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында аэропорттон сөөгү табылган киши акча ташып иштеп жүргөнүн билдирди.
Ал ошондой эле өлкөдө криминал баш көтөрүп, ишкерлердин коопсуздугу курч маселе болуп жатканын белгилеп, өкмөт башчынын "ишти саясатташтырбагыла" деп айтканын сындады.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: