@ДепутатТоктогул
Автор: Жаңы Кадам
Загружено: 2024-07-26
Просмотров: 5143
Кечээ Токтогул районунун активисти жана жергиликтүү депутаты Болот Дуйшеналиев Таир Сарпашев 105 миллион долларлык имаратты мыйзамсыз басып алганын билдирди. Мен өз оюмду билдирем: бул каражатты кыргызстандыктардын жыргалчылыгы үчүн кантип пайдалана алмакпыз?
1. Жаңы оорукана куруу:
АКШда заманбап оорукана куруунун наркы орто эсеп менен 50 миллион долларды түзөт. Бул биздин саламаттыкты сактоо системабызды жакшыртып, 1 миллион адамды тейлейт эле.
2. Энергетика тармагын өнүктүрүү:
Германияда күн энергия станциясын куруу 25 миллион долларды талап кылат. Бул 50 000 үйдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылмак.
3. Мектептер үчүн китеп басмаканасын ачуу:
Китеп басып чыгаруу үчүн басмакана куруу 2 миллион долларды түзөт. 105 миллион долларга 40 басмакана куруп, ар бир райондун мектептерин керектүү китептер менен камсыз кылмакпыз.
4. Мектептер жана бала бакчаларды куруу
Жаңы мектеп же бала бакча куруунун наркы 500 миң долларды түзөт. Бул каражатка 200 бала бакча же 5 миллион долларлык 20 мыкты мектеп курулмак, бул миңдеген балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзөт.
5. Жаштарга стипендиялар:
АКШда 105 миллион долларлык стипендиялык фонд түзсөк, 1500 студент Стэнфорд сыяктуу престиждүү университеттерде билим ала алмак. Алар кайтып келип, медицина, билим берүү, кен казуу жана башка маанилүү тармактарда иштеп, ар бир облуста 200 адис болуп иштемек.
6. Манас" кинотасмасын тартуу:
Улуттук баатыр Манас тууралуу "Гладиатор" стилиндеги жогорку сапаттагы кино тартууга 103 000 000миллион доллар талап кылынат. Бул кыргыз маданиятын жана тарыхын дүйнөгө таанытууга чоң өбөлгө болмок. "Гладиатор" кинотасмасынын бюджети 103 миллион долларды түзүп, 460 миллион доллар киреше алып келген.
7. ӨКМ үчүн вертолет сатып алуу:
Заманбап вертолеттордун наркы 14 миллион долларды түзөт. Биз ар бир облуска бирден, жалпысынан 7 вертолет сатып алып, куткаруу иштерин натыйжалуу жана коопсуз кылмакпыз.
Бул долбоорлор кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң салым болмок.
Тилекке каршы, мунун ордуна биздин чиновниктер өздөрүн байытып, өздөрү жашоодон ырахат алып жашап жатышат.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: