Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

ТОКТОГУЛДУН ТОНОЛГОН ТООЛОРУ!

Автор: Жаңы Кадам

Загружено: 2023-06-16

Просмотров: 100510

Описание:

Дары чөп мафиясы кимдер???

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районун тургундарынын кайрылуусу боюнча КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия Токтогул районунда болуп, көйгөйлөрдү жеринде карап, массалык мыйзам бузуулар боюнча тийешелүү чаралар көрүлүп актылар түзүлдү.
Комиссиянын составында аталган министрликтин биоресурстар башкармалыгынын бөлүм башчысы Хегай И.В.
КР УИАсынын биология институтунун улук илимий кызматкери, илимдин кандидаты Бурканов Н.Р,
"Аллиум ресурс" ОсООнун директору, КР УИАнын аспиранты Сейитбеков С. "Экологиялык тартип" кф директорунун оорун басары Саркулов Б.К. "Жашыл өрөөн" коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Гүлжигит уулу жана жергиликтүү эко активисттерден турган топтун катышуусунда Торкен айыл өкмөтүнүн Боз-Тектир, Бел-Алды айыл өкмөтүнүн Бор-Кыя участокторунда ферула чайырын алууга даярдалган болжолдуу 700 га жер аянты аныкталды. Аталган участоктордо жапайы ферула курамынын тамырлары тегерете казылып, жалбырактары тазаланып, каробка кагаздар менен жабылып, чайыр алууга даярдалган. Техникалык талаптар эске алынган эмес. Тамыр алынуучу жерлердин географиялык жантаюусу дээрлик бардык участоктордо 45° тан жогору. Мындай жерлерде мораторий жок учурда да чайыр алууга тыйуу салынат. Себеби мындай тик участоктордо казуу иштери жүргөндөн кийин жердин кыртышы көп жылдарга чейин калыбына келбейт.
Ал эми Боз-Тектир участкасына чейин жер кыртышын одоно бузуу менен эки чакырымдан ашык, туурасы 4 метрден кем эмес техника бара турган авто жол салынып, чайыр чогултуучулар үчүн жеңил конструкция менен курулуш иштери жүргүзүлгөн. Жергиликтүү тургундардын айтымында Өзбекстандан 200 гө жакын жумушчулар алынып келинген. Бирок биз барган учурда навестер бузулуп, курулуш материалдары чачылып жаткан экен.
Ал эми Уулжан -ферула чайырын алууга учурда Кыргызстан боюнча мароторий жарыяланган. Ал эми ошол эле Торкен айыл өкмөтүнүн Боз-Тектир жана А.Сүйөркулов айыл өкмөтүнүн Арток участкасында өткөн жылы казылган ферулалардын үстү жабылган коробкалар жыйналган эмес, рекултивация иштери жүргүзүлгөн эмес.
Ал эми Токтогул районунун экологу Б.Жапаровдун айтуусу боюнча буга чейин мындай экологиялык мыйзам бузуулар боюнча кабары болбоптур. Бүгүн гана Токтогул районунун акиминин орун басары менен Боз-Тектир участкасына барып жогорудагы көрүнүшкө күбө болушкан имиш. Биз райондук акимиятка барган учурда аким да, анын оорун басары да иш оордунда жок болуп чыккан болчу. Ким билет, балким комиссия келатканына кабары болуп, таң атпай тигил навести талкалатып, Өзбекстан келген жалданма жумушчуларды ал жерден кетирип жибергенби" деген күмөн ой да жаралбай койгон жок. Себеби ал жерде 50-60 адам жашаганга ылайыктуу шарт түзүлүп, жайкы душ, туалеттери менен курулуп, адам издери көп экен. Бизден мурда жаңы эле келип кеткен машинанын издери жатты.
Жалпы эсеби боюнча 600-700 га аянттын Уулжан тамырлары толук чайыр алууга даярдалганына күбө болдук.
Убакыт тар болгондуктан айыл өкмөт башчылары жана жайыт комитеттеринин башчылары менен жолугуп, бул жерлер кандайча, кимге, качан берилгени тууралуу тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок.
Дагы бир кызык жери, жакында эле Тоолук айылы тараптан эки бусикке жүктөлүп, Лейлек тарапка 6 тоннага жакын афлатун пиязын (сасык матал) эч кандай документи, уруксаты жок жүктөп бараткан эки бусик кармалып, Райондук Ички Иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген эле. Бүгүн ошол афлатун пияздарын толугу менен мыйзамсыз жүктөп бараткан ээлерине авто унааларды менен кошо соттун чечими менен кайтарылып берилгени болду. Мына ушундай Жергиликтүү бийлик, Акимият, сот органдарынын аракеттеринен улам Токтогул районунда коррупция гүлдөп өнүгүп жатканындай эле элестетесиң.
"Дары чөптөр аркылуу жайыт комитеттин төрагаларынан баштап Райондук жогорку бийликтерге чейин коррупциялык система куруп алышкан, аларды Республикалык деңгээлге чейин колдоп, коргоп турган "крышалары" бар" деген жергиликтүү элдин айткандарында жан бардай. Мунун баарынын башында Авганистандан келген ири инвестор турганын ишенимдүү айткан жергиликтүү атуулдар болду. Аны менен жолугуп, сүйлөшкөн адамга да жолуктук. Өткөн жылы Токтогул районунан эле 6500 кг Уулжан чайырын алып кеткенин, быйыл дагы андан аз эмес көлөмдө чайыр алып кетүү ниети бар экенин жана мароторий бар экенине карабай Жергиликтүү бийлик башчылары жана Жайыт Комитеттеринин төрагалары менен келишими бар экенин айтып, Бишкекте жүрөт дейт. Ж аттуу жергиликтүү тургун.
Эми бул маалыматтардын баарын тийешелүү органдар кандай териштирип, кандай чечимдерди кабыл алаарын күтө туралы.
Ал эми Токтогулдун экологу Б.Жапаров "эч ким менен Жайыт комитеттердин да, Айыл өкмөттөрдүн да Уулжан чайырын алууга расмий келишими болгон эмес" дейт. Айтор жөргөмүштүн желесиндей эле чаташкан маалыматтар...

ТОКТОГУЛДУН ТОНОЛГОН ТООЛОРУ!

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

МАНАСЧЫЛАРДЫН МУШТАШЫ: ЧЫР ЭМНЕДЕН ЧЫККАН?

МАНАСЧЫЛАРДЫН МУШТАШЫ: ЧЫР ЭМНЕДЕН ЧЫККАН?

Бактияр Токторов шайлоодон кийинки эмоциялары менен бөлүштү

Бактияр Токторов шайлоодон кийинки эмоциялары менен бөлүштү

ЗЕЛЕНСКИЙ СКАЗАЛ

ЗЕЛЕНСКИЙ СКАЗАЛ "НЕТ": Украина сорвала планы Кремля! СДЕЛКА С ПУТИНЫМ — ЛОВУШКА

Кайык менен каттаган айыл

Кайык менен каттаган айыл

Ош МЭРи катуу кетти! Аэропорттун жерине Ресторан, Соода борбор салып алган

Ош МЭРи катуу кетти! Аэропорттун жерине Ресторан, Соода борбор салып алган

АК САТПАГАН САРЫ-КАМЫШ // МЕНИН АЙЫЛЫМ // ТОКТОГУЛ

АК САТПАГАН САРЫ-КАМЫШ // МЕНИН АЙЫЛЫМ // ТОКТОГУЛ

Камчыбек Ташиев Токтогул райондук ооруканасына барды - (комментарийсиз)

Камчыбек Ташиев Токтогул райондук ооруканасына барды - (комментарийсиз)

ТОКТОГУЛДА ЭРГЕШ ОРМОНОВ АТЫНДАГЫ ЗАМАНБАП СТАДИОН ИШКЕ БЕРИЛДИ

ТОКТОГУЛДА ЭРГЕШ ОРМОНОВ АТЫНДАГЫ ЗАМАНБАП СТАДИОН ИШКЕ БЕРИЛДИ

Толукту бүлүндүргөн зилзалага 30 жыл

Толукту бүлүндүргөн зилзалага 30 жыл

Элмирбек Иманалиев айылынын абалы // Токтогул // Темирлан Сейитбек уулу

Элмирбек Иманалиев айылынын абалы // Токтогул // Темирлан Сейитбек уулу

Крупнейшая авиакатастрофа в истории авиации в Тенерифе

Крупнейшая авиакатастрофа в истории авиации в Тенерифе

УКМК Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаевди криминалга байланышы бар деп кармады

УКМК Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаевди криминалга байланышы бар деп кармады

Ауыл тынысы.Бұқаның салмағы,сиырдың жағдайы.

Ауыл тынысы.Бұқаның салмағы,сиырдың жағдайы.

Бел-Алды айылы/Токтогул/Жалал-Абад

Бел-Алды айылы/Токтогул/Жалал-Абад

#ош #алай #эркечтам жолунда чыйырчык ашуусунда жолтайгак,зарыл ишинер болбосо жолго чыкбайлекойгула😱

#ош #алай #эркечтам жолунда чыйырчык ашуусунда жолтайгак,зарыл ишинер болбосо жолго чыкбайлекойгула😱

Жыландар менен дагы жатып калган күндөр болгон

Жыландар менен дагы жатып калган күндөр болгон

"Акаевдин тушунда иштегениме күнөөлүү эмесмин" || ЧЕКИТ МЕДИА

Талас: эт, сүт багытында эчки көбөйткөн фермер

Талас: эт, сүт багытында эчки көбөйткөн фермер

Жылдыз Жолдошева: Карындашын өткөрөм деп президенттин аракетин жокко чыгарбаш керек...

Жылдыз Жолдошева: Карындашын өткөрөм деп президенттин аракетин жокко чыгарбаш керек...

2000 АДАМГА 200 гектар // 1 АДАМГА 130 гектар // 2-бөлүк // Темирлан Сейитбек улу // Протокол №

2000 АДАМГА 200 гектар // 1 АДАМГА 130 гектар // 2-бөлүк // Темирлан Сейитбек улу // Протокол №

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]