Ашыкча кам көрүү (авторитардык) жана жетишсиз кам көрүү (либералдык)тарбия берүү стилдери.
Автор: Институт развития молодежи
Загружено: 2023-07-11
Просмотров: 131
Балдар менен ата-энелердин мамилеси сүйүүгө, урматтоого жана жалпы кызыкчылыктарга негизделет. Ортодо ушул аталган мамилелер болгодо гана гармония жана өз ара түшүнүү орнойт. Бирок, жашоо оор, көп учурда башкача көрүнүшкө күбө болобуз: түшүнбөстүктөр, өз ара дооматтар конфликттерге алып келет, чыр-чатактарды жаратат. Мамилелер үчүн жоопкерчилик эки тарапка тең бирдей, ошондуктан балдар да, ата-энелер да бир убакта өз ара мамилени жакшыртуу үчүн аракет кылышы керек. Өзү ата-эне болгон, же ата-энеге бала болгон, же ата-эне болууну пландап жаткандарга "Бирге" долбоорунун алкагында бир катар роликтерди даярдадык. Бул видеолор балага жана ата-энелерге бири-бирин жакшыраак билүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз.
Бул видеоролик Saferworld, "ДИА" (Демилгелүү, ишкер аялдар) коомдук фонду, “Жаштарды өнүктүрүү институту” (ЖӨИ) коомдук фонду жана “Мирные Инициативы” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун колдоосунда ишке ашырылган «Бирге» долбоорунун алкагында аткарылды. Видеороликтин мазмуну авторлордун гана жоопкерчилиги жана БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун жана жогоруда аталган уюмдардын көз карашын билдирбейт.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: