Азат Садыков, Айзирек Абдирашитова - Койчунун ыры. Ат баспаган асканын, Аралап басып ак карын.
Автор: Улуттук Филармония
Загружено: 2024-03-04
Просмотров: 13532
Т. САТЫЛГАНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ,
КАРАМОЛДО ОРОЗОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ.
Рыспай Абдыкадыров "Койчунун ыры"
Сөзү : Т. Салиевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Ат баспаган асканын,
Аралап басып ак карын.
Жайыттап күнгөй-тескейин,
Кой болду менин бакканым.
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Ат баспаган асканын
Мен бастым шагыл-таштарын.
Кой баккан сонун турбайбы,
Балалык ойду таштадым.
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Деги эле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын.
Кыз сүйгөндөй болосуң,
Сылап саамай чачтарын.
Күн кечтеп кетти короого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Күн кечтеп кетти короого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
#кыргызстан #кыргызчаырлар #музыка #филармония #ырлар #жаныклип #жаныыр #жаныырлар #оркестр #рыспай #хитырлар

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: