Чет тилдерин кантип оңой үйрөнсө болот? Англис тили / тил үйрөнүү. Марлен Борубаев.
Автор: Marlen Borubaev
Загружено: 2024-06-25
Просмотров: 24944
Мага чет тилдерин үйрөнгөн жагат жана дагы деле өнүктүрүү үстүндөмүн. Бул постто сиздерге тил үйрөнүүдө мага жардам берген ыкмалар менен бөлүшөм.
– Эң алгач күчтүү каалоо жана кызыгуу керек. Каалоо жана кызыгуу болсо - жаңы нерсени үйрөнүү оңой. Мектеп убагынан баштап эле чет өлкөдө окугум келгендиктен тил үйрөнүүгө кызыгуум жаралды. Чарчаганда же каалоом жоголгондо максат-кыялдарымды эстеп турам.
– Ыңгайлуу убакытта, алаксытпаган эч нерсе болбогон жерде, тынч отуруп үйрөнгөн жакшы. Жаңы уйкудан туруп, таңкы намаздан кийин эле окууга отурам. Эрте менен эрте туруп окуу грамматиканы өздөштүргөнгө, жакшы эсте сактоого, эрежелерди үйрөнүүгө "свежий" мээ менен отурган жакшы. Дегеле, өзүңдү жакшы сезип турганда окусаң - пайдасы көбүрөөк болот.
– Кызыктуу болуусу керек. Мисалы: кечке эле грамматика окуп, эреже жаттай берсек тажап кетебиз. Окшош ыкмаларды колдоно берген да болбойт, ар түрдүүлүк керек. Кээде сага жаккан кино-мультфильмдерди чет тилинде көрүп турган да жакшы. Мисалы мен түркчө үйрөнүп жатканда "Даңазалуу доор" тасмасын баштан-аяк түркчө көрүп чыккам, өтө чоң жардам берген. Азыр англисче узуун сериал баштап алгам. (Virgin River)
– Албетте, мүмкүнчүлүк болсо курстарга барган же онлайн курстарга жазылган жакшы. Ал жакта да группалаштарың болот, мугалим үйрөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Үйрөнүү оңоюраак болот десем туура болот.
– Дайыма жанымда сөздүк дептерим бар. Жаңы үйрөнгөн сөздөрдү, айрыкча фразаларды дароо жазып коём, автобуста баратканда же бир нерсени күтүп атканда дептерди ача коюп, жаттап-кайталай берем, дайыма жанымда алып жүргөнгө аракет кылам. Көп сөз, фраза билген - тил үйрөнүүдө өтө маанилүү.
– Туруктуу үйрөнүүнү туура деп ойлойм. Жумасын 1 жолу 5-6 саат отуруп окуп койгондон көрө, күн сайын 30-40 мүнөттөн болсо да окуп турган жакшы, пайдасы көбүрөөк.
☘️ Анан албетте жалкоолонгон, чарчаган учурларыбыз да болот. Ошол учурларда жакшылап эс алып, тынчтанып, кайра аракет кыла берген туура. Убагында туура эс алуу керек.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: