Кызга сөйкө салуу салты.
Автор: Абдыгазиева Жанылмырза
Загружено: 2023-09-15
Просмотров: 1236
Ата-бабадан келе жаткан сөйкө салуу, куда түшүү жөрөлгөлөрү тууралуу. Кызы бой жетип калган үй-бүлөгө барып алдынан өтүп, кызын баласына өмүрлүк жар кылып алууга суроо — бул куда түшүү болуп эсептелет. Баргандардын улуусу "силерде кыз бар экен…" деп сөз баштап кудалашуу эрежесин киргизет. Мурда да ошол уруу менен кыз алышып, кыз беришип жүргөн болсо, "сөөк жаңырталы" деп барышкан. Куда түшүп келген тарап кыз жакка бир аз ийкемдүү болуп, кулдук уруп турат. Кызга куда түшүп барганда көбүнчө баланын ата-энеси же аларга кошулуп бир-эки гана адам барган. Куда түшүү менен чоң кудага баруу салттары эки башка. Алсак, куда түшөөрдө кызды эки-үч киши эле сурап барса, чоң кудага кызын алгандан кийин же алып кетээрде калыңын алып көп киши менен барышкан.
Сөйкө салуу шааниси
Сөйкө салуу салты куда түшүп барган тараптар бири-бири менен макулдашкандан кийин ишке ашат. Алгач ата-энелер бир күндү белгилеп, анча деле шаан-шөкөт менен коштолбойт. Сөйкө салуу салты – кыз баланын үйүндө аткарылуучу жөрөлгө.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: