Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

"Тамгалар даңктайт Манасты" / "Ш" тамгасы

Автор: Манас Академия

Загружено: 2025-06-16

Просмотров: 42

Описание:

Шыкалса сөздөр катарга,
Шыпкалып калба, такалба.
“Ш” менен курган ырларым,
Шынаарлаш болсун макалга.
Шайкешсин анда “Ш” тамга,
Шаатемир, Шаабек, Шаканга.

Шаанилүү ойго кириштим,
Шаймерден – пири жигиттин.
Шардандуу сөздөр ичинен,
Шакелин ылгай билишсин.
Шаабай – бул, көңүл маанайы,
Шаана дейт гүлүн чигиттин.
Шапак дейт жука топуну,
Шапак дейт күндүн тийишин.

Шаңдансын сөзүм эмдиги,
Шаабаздык – жигит эрдиги.
Шаамаран – пири жыландын.
Шайдооттук – мүнөз кеңдиги.
Шалаакы болот кыймылы,
Шалкы бош болсо жердиги.
Шалтурук деле ошондой,
Шалтактык менен белгилүү.
Шалпардан көйнөк кийсе да,
Шакмарлап турат жең кири.
Шайкелең иши деп алба,
Шайбырлап кылган белгини.
Шалпая – шалы талаасы,
Шал болуу – кыймыл кемдиги.

Шабыр дейт жерди камыштуу,
Шагдам – бул, кадам арыштуу.
Шатектеп шылдың-мыскылды,
Шакаба кылба карыпты.
Шаңыя – бийлик мансабы,
Шакшактап таңат майыпты.
Шакый – бул, баштын ооруусу,
Шардана кылба айыпты.
Шадана – жибек кездеме,
Шакап дейт майда арыкты.
Шамшардай өткүр жан гана,
Шапкерлеп күтөт намысты.

Шаңшуурга бөлөйм дастанды,
Шайтандын жары мастанбы?
Шаңшыган бүркүт көп эстейт,
Шаңкайган бийик асманды.
Шамыян шайлап өгүзгө,
Шалаңын кошо такканбы?
Шайманы жоктун – шайы жок,
Шагыл дейт майда таштарды.
Шапата – шамал эпкини,
Шалбаа дейт саздуу жактарды.

Шартнама – демек, келишим,
Шарапат болсун беришиң.
Шарапты ичип жактырып,
Шалапты болбос жеришиң.
Шабдаалы – бактын мөмөсү,
Шалгам дейт жердин жемишин.
Шаттыктын болот белгиси,
Шанаңдап шапар тебишиң.
Шарыптуу жандар көрсөтпөйт,
Шалкыя тартып кейишин.
Шанабат жайда Жараткан,
Шапагат кылсын бейишин.

Ширге – бул, калканч тагылган,
Ширеден шербет алынган.
Шимип да көрөт чучук деп,
Шимекке алгач кабылган.
Шибээн – бул, кытай уруусу,
Ширенди – учкун чагылган.
Шилтеген кылыч ачалбарс,
Шилини көздөй чабылган.
Шишитки болгон сөздөр бар,
Шибеге болуп сайылган.
Шиленди болгон маңкурттук –
Шириге башы малынган.
Шилби – бул, бадал өсүмдүк,
Шишек – кой биттеп салынган.
Шерменде эмей эмине,
Шертинен тайып жаңылган.

Шоорат – даңк, атак, даңаза,
Шойкомго кудай тараза.
Шордогой болгон көз деле,
Шоркелдей үчүн жаназа.
Шоошак дейт колдун манжасын,
Шоонада болбойт жарака.
Шоолага тосом жүзүмдү,
Шоокумга кылып алака.
Шөкөттөп жаша өмүрдү,
Шөмтүрдөн болот залака.

Шумурай – шумдун жүрүмү,
Шумпайдын болот бүлүгү.
Шүгүрлүк – жандын үзүрү,
Шүдүңгүт – өгүз күлүгү.
Шүйкүмү бузук шүмшүктөй,
Шүмүрөң кылба түрүңү.
Шүүдүгөр даркан талаада,
Шүүдүрүм тоссун күнүңү.
Шыбыргак каптап турса да,
Шыралга кылгын түбүңү.
Шыйпаңдап шылуун жүрүштөн,
Шыпырып салба сүрүңү.

Шыйбылчак – малдын шыйрагы,
Шыңгалык – бойдун чыйрагы.
Шырбазга тойгон жылкычы,
Шырылдаң ырын ырдады.
Шыңгыткан кезде билинет,
Шыргалаң суунун жыргалы.
Шырман – нан сүткө жуурулган,
Шырымал – тигиш ыңгайы.
Шыбыртка шыбыш жакындаш,
Шынаарлаш болгон кырдаалы.

#манасулуттукакадемиясы
#айкөлстудиясы

"Тамгалар даңктайт Манасты" / "Ш" тамгасы

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

ТОЛУК ВИДЕО: БШК бүгүн Жылдыз Жолдошеваны ДЕПУТАТ катары КАТТООДОН баш ТАРТТЫ #АкыркыКабарлар

ТОЛУК ВИДЕО: БШК бүгүн Жылдыз Жолдошеваны ДЕПУТАТ катары КАТТООДОН баш ТАРТТЫ #АкыркыКабарлар

Тамгалар даңктайт Манасты. А тамгасы.

Тамгалар даңктайт Манасты. А тамгасы.

Шайлоо: Кемиген добуш, кейиген талапкер

Шайлоо: Кемиген добуш, кейиген талапкер

Мухаммед Али против Ивана Драго! Этот Бой не Забыть...

Мухаммед Али против Ивана Драго! Этот Бой не Забыть...

"Эр Табылды" эпосу

"Дил маек" көрсөтүүсү Жыпара Арыкова менен \\ Съездбек Искеналиев

"Тамгалар даңктайт Манасты" / "Э" тамгасы

БШК Жылдызкан Жолдошеваны депутат катары каттаган жок | Жаңылыктар | 08.12.2025

БШК Жылдызкан Жолдошеваны депутат катары каттаган жок | Жаңылыктар | 08.12.2025

ОО ВИЛИКИЙ ТЫНАР ХАН//МААНАЙ ЖОКТОР КӨРГҮЛӨ

ОО ВИЛИКИЙ ТЫНАР ХАН//МААНАЙ ЖОКТОР КӨРГҮЛӨ

Жылдыз Жолдошева: Карындашын өткөрөм деп президенттин аракетин жокко чыгарбаш керек...

Жылдыз Жолдошева: Карындашын өткөрөм деп президенттин аракетин жокко чыгарбаш керек...

"Дил маек" көрсөтүүсү Гульзат Майчинова менен \\ Темиралы Кунашев

ШОК! Украину уже поделили — Мураев показал схему Запада #Мураев

ШОК! Украину уже поделили — Мураев показал схему Запада #Мураев

Тан Су Бен, президент Международного совета по традиционной музыке и танцу (ICTMD) // Рух Санат

Тан Су Бен, президент Международного совета по традиционной музыке и танцу (ICTMD) // Рух Санат

8 фраз, которые выдадут глупца за секунду. Вы их слышите каждый день!

8 фраз, которые выдадут глупца за секунду. Вы их слышите каждый день!

«Сыграй На Пианино — Я Женюсь!» — Смеялся Миллиардер… Пока Еврейка Не Показала Свой Дар

«Сыграй На Пианино — Я Женюсь!» — Смеялся Миллиардер… Пока Еврейка Не Показала Свой Дар

⚡️ Разгромное обвинение Зеленскому || Попытка мятежа

⚡️ Разгромное обвинение Зеленскому || Попытка мятежа

БААРЛАШУУ | Түгөлбай Казаков, Калысбек Айтбаев, Тилекмат Касияров | Улуу Мурас #27

БААРЛАШУУ | Түгөлбай Казаков, Калысбек Айтбаев, Тилекмат Касияров | Улуу Мурас #27

Его Невозможно Нокаутировать! Самый Жесткий Ударник 21 Века. История Чемпиона

Его Невозможно Нокаутировать! Самый Жесткий Ударник 21 Века. История Чемпиона

Жириновский предсказал, когда завершится война в Украине —и всё идёт по его плану!

Жириновский предсказал, когда завершится война в Украине —и всё идёт по его плану!

Сонун кавер ырлар

Сонун кавер ырлар

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]