Күчтүү аял эмес, бактылуу аял болууга умтулушубуз керек. КАУХАР подкаст! #1 - чыгарылыш
Автор: Urmat Nelya
Загружено: Дата премьеры: 29 мар. 2025 г.
Просмотров: 238 441 просмотр
Саламатсыздарбы, достор!
Көптөн бери кыялданып жүргөн долбоорум, “КАУХАР” подкасты ишке ашып, сиздер менен бөлүшүп, сүйүнүп турган кезим. Бул биринчи чыгарылыш.
Биздин максат айымдарга бактылуулук, толеранттуулук, ыймандуулук, үй-бүлөлүк баалуулук деген эмне, канткенде ички руханий дүйнөбуздү байытабыз жана деги эле бул жашоодо биздин ордубуз жөнүндө баарлашуу жана бири-бирибизге колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ал үчүн биз атайын тажрыйбалары мол болгон сыйлуу инсан айымдарды чакырып маек курабыз. Бүгүнкү чыгарылышта теолог, Кыргызстан Ислам университетинин мугалими, «Акниет» кыздар медресесинин жетекчиси, үч баланын мээримдүү энеси, сүйүктүү жар - узтаза Рахат Аманбаева конок болду. Эгерде сиз бул подкасты көрүп өзүңузгө кандайдыр бир пайдалуу кеңештерди алган болсоңуз, анда биз максатыбызга жеттик деп билсек болот.
Инстаграм баракча: @kauhar_podcast
Байланыш номерибиз: 0555157675
00:45 Коногубуз, Рахат Аманбаева жөнүндө
01:33 Рамазан айы сиз үчү эмне?
02:42 Сиз бактылуусузбу?
04:11 Жашоодон алынган мисалдар.
05:52 Бактылуу үй-бүлөнү сактап калуу үчүн эмне кылуу керек?
09:32 Бүгүнкү күндө энелер балдарын кантип чоңойтуп жатышат?
10:32 Кыргызда “эптеп” деген сөз бар го…
12:04 Аллахтын 99 ысымын айтып тамак жасаган эне өтө аз
12:58 Бала 7 жашка чейин тарбияны энеден алат
15:04 Бир норка шубанын артынан ажырашабыз дешти
17:40 Кызым, жолдошуң эмне таап келсе ошого канаат кыл
19:31 Бүгүн биз күчтүү аял эмес, бактылуу аял болууга умтулушубуз керек
23:25 Баланын ата-энедеги акысы жөнүндө
31:02 Имам Газали китебинде айтат, алты түрдүү аялга үйлөнүүгө макүрү деп…
32:57 Бүгүнкү күндө бактылуулукка тоскоол болгон факторлор
41:25 Муундар арасындагы кагылышуулар эмнеден улам келип жатат?
45:24 Бүгүн коом эмнеге муктаж?
#айымдар #ыйман #руханийбаалуулук #насаат #үйбүлө #уйбуло #асыладамдар #неля #рахат #мугалим #медресе #баалуулук #ынтымак #подкаст #женщины #психология #воспитание #мужижена #сыйурмат #мужчины #дети #тарбия

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: