АТТ 2019 Менин Сага урматым - Токон Б. - Мирулан У. - Сөзү видео
Автор: ATT
Загружено: 2025-07-14
Просмотров: 617
Бул ыр « Менин Сага урматым», АТТ 2019 ырларынын бири.
Сөзү : Токон Бекеева. Обону : Мирулан Усенбаев. Аткаруучу : Мирулан Усенбаев. Аранжировка : Мирулан Усенбаев. © ATT 2019.
This is one of the ATT 2019 worship songs. Lyrics: Tokon Bekeeva. Melody: Mirulan Usenbaev. Sung by Mirulan Usenbaev. Music arrangement by Mirulan Usenbaev.
Менин Сага урматым
Сөзү: Токон Бекеева. Обону: Мирулан Усенбаев.
Менин Сага урматым
Сени даңктоо кызматым.
Бүт жүрөгүмдөн мактайм
Сени Улуу Устатым.
Менин Сага белегим
Билем дайым керегин.
Ошондуктан Өзүңө
Жүрөгүмдү беремин.
Кайырма 1:
Эх, кандай сонун,
Жүрөгүм Сени даңктайт!
Эх, кандай сонун,
Жүрөгүм Сени мактайт! (2ж.)
Менин Сага сунарым
Ыйык жүрөк тумарым
Бал татыган сөзүңдү
Башымды ийип угамын
Бүт эркимди беремин
Сен билесиң себебин
Келе турган жолуңа
Ыр берметин себемин
Кайырма 2:
Эх, кандай жыргал,
Жүрөгүм Сени даңктайт!
Эх, кандай жыргал,
Жүрөгүм Сени мактайт! (2ж.)
Өтмө:
Убадалар үмүтүм
Күйүп турган күнү-түн
Түбөлүктүү өмүрдө
Сенсиң менин үлүшүм.
Даңкты Сага беремин
Татыктуусуң билемин
Сен Атаңда болгондой
Сенде болуу тилегим.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: