Нурак Өмүрбеков - Биз экөөбүз
Автор: Nurak Omurbekov
Загружено: 16 мар. 2024 г.
Просмотров: 12 705 просмотров
Сөзү: Омор Султанов
Обону: Рыспай Абдыкадыров
Аранжировка / Звукозапись: Жумабек уулу Нурболот
Оператор / Монтажер: Жанбулат Жумабеков
Follow Nurak Omurbekov:
https://www.instagram.com/nurakomurbekov?i...
https://www.tiktok.com/@nurak_omurbek...
Биз экөөбүз
Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Жаралганда мендик болуп жаралдың.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?
Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлоруң да ойлорума киришкен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
#НуракӨмүрбеков #Бизэкөөбүз

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: