Болуштун "Эргиме" ("Эмгек шаңы") күүсү
Автор: Күүнүн сыры
Загружено: 2022-10-24
Просмотров: 3829
Күүнүн баяны Нурак Абдрахмановдун комузга үйрөтүү китебинде жазылган:
ЭРГИМЕ
Болуш Мадазимовдун бул күүсүнүн анык аталышы «Эмгек шаңы» экен. 1982-жылы Нурак Абдырахманов радиодон аты айтылбаган күүнү угуп, кызыгуусу абдан жогору болгондуктан атайын аңдып жүрүп кийинки уктурууда магнитофонго көчүрүп алат. Ал күүнү тактап үйрөнүп, бир кайруу кошуп толуктап, «Эргиме» деген аталыш менен эл арасында чертип жүрөт. Себеби, устаты Шекербек Шеркулов «Эргиме» деген күүсүн жаңы баштап чыгарып жүргөн кезинде уккан. Ыргактары ошол Эргимеге окшош болгон үчүн, жанагы күүнү «Эргиме» деп атаган боюнча радиого жана грампластинкага жаздырып жиберет. Ошол вариант менен Камбаркан ансамблине оркестрлештирилип, чет мамлекеттерде аткарыла баштайт.
Качан 1992-жылы Болуш Мадазимовдун Бишкекте отчеттук концерти болгондо филармонияга келип:
Э, Нурак! Шекемдин (Шекербектин) толгон күүлөрү турат ко. Менин жалгыз күүмдү дагы Шекеме тартып берейин дедиңби? – деген нааразы сөзүн айтат. Ошондо гана ал күүнүн Болуш Мадазимовдуку экенин түшүнүп, отчеттук концертинде «Эмгек шаңы» деген өз аталышы менен сахнага аткарып чыгып, элдин көзүнчө кечирим сурайт.
Бирок, ал күү «Эргиме» деген аталыш менен элге шардана болуп кеткендигине байланыштуу аталышын «Эргиме» деп которуп атоого уруксайт сурайт. Болуш Мадазимов:
Мейли. Шекемдин «Эргимеси» өзүнүкү боло берсин. Менин күүм деле «Эргиме» деп аталса жакшы эле болот, - деп, уруксат берет. Ошондон баштап радионун алтын казынасында сакталган өз авторунун атынан «Эргиме» деген жаңы аталышы менен эл арасында бул күү жигердүү өмүр сүрүп келе жатат.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: