Радио эфир | 29.12.2025 | Ташиев Ысык-Көлдө жол салып жаткандарга эскертүү берди
Автор: Азаттык
Загружено: 2025-12-29
Просмотров: 3484
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушуна байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган жолду куруу кечеңдеп жатканына байланыштуу өзүнүн биринчи орун басарына, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" ишканасынын директору менен анын орун басарына сөгүш берди.
"Министр бул жолдун курулушун Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Мындан сырткары Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды", - деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында Ташиев Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолун куруп жаткан жалданма компаниялардын өкүлдөрү менен жолуккан. Анда бул жолдун курулушу беш жылдан бери бүтпөй жатканын сынга алып, буга тиешеси бар адамдарды камоо тууралуу тапшырма берген. Ошондой эле бул жолду келерки жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү тапшырган.
Бул жыйындан кийин "Кыргыз жол курулуш" компаниясынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолун куруу мөөнөтүнүн жана ченемдеринин одоно бузулушуна байланыштуу кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болгон. https://www.azattyk.org/a/33635242.html _____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: