Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

“Эмгек” саясий партиясынын төрагасы Ырысбек Мааткабылов кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Автор: Партия Эмгек

Загружено: 2021-04-09

Просмотров: 402

Описание:

“Эмгек” саясий партиясынын төрагасы Ырысбек Мааткабылов кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду

Урматтуу кыргызстандыктар, кымбаттуу бишкектиктер!
Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы аяктап калды. “Эмгек” партиясынын талапкерлери Бишкек, Токмок, Кант, Орловка, Кемин, Кайыңды, Каракол, Балыкчы, Ноокат, Баткен жана Кызыл-Кыя сыяктуу Кыргызстандын 11 шаарынын жергиликтүү кеңештерине көрсөтүлдү. Өлкөбүздүн ар кайсы жерлеринде шайлоочулар менен миңдеген жолугушуулар өттү. Партиябыздын программасын жана идеяларын борбордун миңдеген тургундарына стадиондордо, көчөлөрдө жана короолордо тааныштырдык.
Бизге колдоо көрсөтүп, ачык болуп, ишеним арткан жана биздин алдыбызда турган олуттуу милдеттерге кайдыгер мамиле жасабаган Кыргызстан элине ыраазычылык билдиребиз.
Бирок шайлоо өнөктүгүнүн айрым катышуучулары биздин дарегибизге ыплас маалыматтык чабуул жазашты. Бул көрүнүш айрыкча Бишкек шаарында сезилип жатты. Себеби алар биздей масштабдуу иштерди аткара алышкан жок. Алар шайлоочулардын колдоосуна ээ болооруна ишеними жок, өздөрүнө ишенишпейт жана шайлоодо жеңилүүнүн ызасын тартуудан чочулашат.
Жарандар үчүн так жана түшүнүктүү программанын болушу жана он миңдеген кыргызстандыктын колдоосу бизге дем берет. Биз өзүбүзгө ишенебиз жана жалган маалыматтарды таратып жаткандарга кылчайып карап, маани бербестен жеңишке карай жолубузду улантабыз.
Мен кечээ биздин партиябызга ыплас сөздөрдү айткан кишиге кайрылам. Коомчулуктун жек көрүүсү сизге сабак болбоптур. Сиз алектенген майда, ыплас интригалар жигит деген бийик сөзгө туура келбейт, тескерисинче уят. Сиздин кара пиарыңыз өз абийриңизде.
Жарандардын ишенимине ээ болуп, милдеттерди ишке ашыруу үчүн алардын алдында жоопкерчиликти ала алган партияда жеңиш болоорун баса белгилегибиз келет. Ар бир конуштун, ар бир кичирайондун, ар бир көчөнүн жана ар бир короонун өнүгүшү маанилүү. Бул ар бир партиянын ишинин өзөгү болушу зарыл.
Бийлик шайлоонун максималдуу түрдө ачык-айкындуу болушун камсыз кылууга аракет кылып жатат жана биз өз кезегибизде шайлоо мыйзамдарына ылайык иш алып баруудабыз. Биз таза жана ачык-айкын шайлоо үчүнбүз! Бул биздин принципиалдуу позициябыз. Үгүт иштери бардыгы үчүн ийгиликтүү аяктап, шайлоолор атаандаштык негизде өтөт жана алардын расмий жыйынтыктары элдин чыныгы эркине дал келет деп ишенебиз.
Урматту шайлоочулар! 11-апрелде шайлоо участогуна келгенде чын дилиңиздерден “Эмгек” партиясына добушуңарды бериңиздер. Биз жаңы саясий маданиятты калыптандырып, добушту сатпай таза шайлоо өткөрүшүбүз керек!
Биздин бардык тарапташтарыбызга, үгүтчүлөргө жана колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдиребиз. Биз жеңишке жетебиз!
Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.

“Эмгек” саясий партиясынын төрагасы Ырысбек Мааткабылов кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(1) { [0]=> object(stdClass)#5585 (5) { ["video_id"]=> int(9999999) ["related_video_id"]=> string(11) "bmbprB-bDWY" ["related_video_title"]=> string(160) "Українські дрони пошкодили танкер та нафтовий термінал у російському місті Туапсе #shorts" ["posted_time"]=> string(24) "30 минут назад" ["channelName"]=> string(23) "BBC News Україна" } }
Українські дрони пошкодили танкер та нафтовий термінал у російському місті Туапсе #shorts

Українські дрони пошкодили танкер та нафтовий термінал у російському місті Туапсе #shorts

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]