УКМК: Араван райондук Аскер комиссариатынын офицери 37000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Автор: Kyrgyztoday kg Кыргызстан бүгүн (Кыргызстан сегодня)
Загружено: 2022-04-15
Просмотров: 8350
КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча талап кылгандыгы үчүн Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э.» кармалды.
Кармалган кызматкер «Н.А.» аттуу жарандын «А.М.» аттуу уулун альтернативдик кызматка чакырылышы үчүн документтерди тариздөөгө 37 000 сом акча каражатын талап кылганы аныкталган.
Аталган акча каражатынын бир бөлүгүн алгандан кийин Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э. » кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 159-беренесине ылайык андан аркы тергөө амалдарын уюштуруу максатында Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: