Бектур Шаршеналиев - "Зар болдум апа, кор болдум ата"
Автор: ND Production
Загружено: 2021-12-07
Просмотров: 3596
Бектур Шаршеналиев
"Зар болдум апа Кор болдум ата"
Көп ирет кайталанат чоңойсом да,
Апа деп ыйлаганым түн ичинде.
Санааңыз агып турат көз жашымда,
Арзууңуз, үмүтүңүз - күлүшүмдө...
Мен үчүн өмүр сурап жаткандырсың
Кудайдын эрте сунган бейишинде...
Бул дүйнөдө, апа, сизге зар болдум,
Таянычым, ата, сизсиз кор болдум.
Сүрөтүңөр карап ыйлайм,
Карааныңар таппай ыйлайм, зар болдум.
Жүрөгүмдү сиздей эч ким түшүнбөй,
Жашоом элең, сүйүүм элең бүтүндөй.
Турмуш мени кагып-түртүп
Ата, сизсиз кадырымды түшүргөн...
Сагындым, жаным апа...
Сагындым, жаным ата..
Мээримиңер эңсейм,
Карааныңар көксөйм.
Апа...
Ата...
Ата, сиз жок жыгылганда тургузган,
Неге мынча кыйын тагдыр, муң-арман,
Атам, апам, өзүң элең
Мени менден артыгыраак уга алган...
Өзүңөрсүз караңгыда жол издеп,
Мүдүрүлгөн, тайгаланган кезим көп...
Канча сындым... Сындым, апа,
Кайра турдум, күйдүм, апа, безилдеп.
Сагындым, жаным апа,
Сагындым, жаным ата.
Мээримиңер эңсейм,
Карааныңар көксөйм...
Апа...
Ата...
Созу: Динара Шайдилла кызы
Обону: Эдил Маматов
Аткаруучу:Бектур Шаршеналиев
#БектурШаршеналиев
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: