Курал Чокоев - Жашоо керемет ost Полчан кино
Автор: Курал Чокоев / Kural Chokoev 🇰🇬
Загружено: 11 мар. 2023 г.
Просмотров: 360 365 просмотров
Жашоо Керемет
Айтаарым нуска сөзүм кып кыска
Өмүр бизге бир келет
Салып куржунга, сунушум тыңда
Ойно, күлгүн, ыр - ырда!
Жаштык кезде мээнетти
Каарыганда дөөлөтү
Мурас кылган сага-мага
Атың барда жер тааны,
атаң барда эл тааны
Айтып кеткен ата баба.
Кайырма:
Жашоо Бир келет, баары иргелет,
О жашоо жашоо керемет
Бул өмүр кыска, жалындап жаша,
Ооо жашоо, жашоо керемет.
Жашоо бир келет, ойлонгун терең
Бизге ден-соолук керек
Оттой жалында ойно, гүл, ырда
Ооо жашоо өзү керемет
Эринбей жаштан, эрте тургунуң,
Жакшы маанай сунгунуң.
Таза жол менен, тунук ой менен,
Достук жолун кургунуң.
Мамиле курсаң маселең чечилет,
Өмүрүң сызып, өткөндөй сезилет.
А бирок өтө өкүнбөгүн,
Баардыгы өз учурунда кезигет.
#куралчокоев #жашообиркелет #кыргызстан #полчан

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: