ЭМИ КЕҢ-САЙГА БАРЫП ЖАШАСАҢЫЗ БОЛОТ. ТАЗА СУУ ЧЫКТЫ...
Автор: Асел Сыдыкова
Загружено: 2025-12-15
Просмотров: 1977
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана массивдин тургундары ичүүчү сууну берүү саамалыгына чогулушту.
Ош шаарынын Кең-Сай конушунун тургундарын таза суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында ири масштабдагы инфраструктуралык долбоор ишке ашырылды. Анын алкагында насос станциялары курулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жаңы суу кампасы салынды.
Ак-Тилек айланма жолунун аймагында саатына 300 м³ суу берүүчү заманбап 1-насос станциясы курулду. Ош-Ноокат жолунун 6-чакырымында 2-насос станциясы курулуп, ал да саатына 300 м³ көлөмдө суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эки насос станциясы автоматташтырылып, “акылдуу насос” системасы аркылуу иштейт.
Кең-Сай массивине таза суу жеткирүү үчүн жалпы узундугу 7,1 метр болгон полиэтилен суу түтүктөрү тартылды. Ош-Ноокат жолунун 6-чакырымында көлөмү 600 м³ болгон жаңы суу кампасы курулду. Бул суу кампасы (резервуар) Кең-Сай массивин туруктуу жанажетиштүү көлөмдө таза суу менен камсыздоого багытталган.
Кең-Сайга таза суу берүү иштери 15 жыл мурун башталып, бирок ишке ашпай токтоп калган. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен 6 ай ичинде конуштун таза суу маселеси чечилди.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: