"Тамгалар даңктайт Манасты" / "Э" тамгасы
Автор: Манас Академия
Загружено: 2025-04-07
Просмотров: 55
Эпкинин сөздүн сезели,
“Э” лердин келди кезеги.
Эмдиги жерден башталып,
Энесай болгон этеги.
Эзелки баба жерлерин,
Эсиңе сала кетели.
Ээлеген ушул аймакты,
Эрдиктин кандай эсеби?
Эрешен доордон уланып,
Эркиңде болгон жетеги.
Энчиңде болсун түбөлүк,
Эгемен Кыргыз Мекени.
Эштектин уулу Жамгырчы,
Эрдигин эштек даң кылчу.
Эламан уулу Эр Төштүк,
Эсиңди күчү маң кылчу.
Эрендер арбын “Манаста”,
Эмгеги моокум кандырчу.
Эзилип боор, эбедей,
Эки бет бирдей албырчу.
Элиртип болгон дитиңди,
Эрөөлү намыс жандырчу.
Эбелек атпай чектейли,
Эскилер сөзүн эстейли.
Экчелсин баары акылда,
Элебей таштап кетпейли.
Электүү эстен өткөрүп,
Элпектик ишин беттейли.
Этибар кылсак өткөндөн,
Эселек жандар сестейби?
Эмчилик – табып эрмеги,
Эңгезер – бойдон бергени.
Эңилчек – боёк өсүмдүк,
Эңшерүү – демек, эңгени.
Эргилчек – демек, босого,
Эриш – бул, өрмөк эмгеги.
Элтебер – мансап байыркы,
Этектейм эми термени.
Эрегиш кыла бергендин,
Эсирик болот чеңгели.
Ээрчишип жетти соңуна,
Элирген тамга кербени.
Эштек – Чыйырдынын атасы, Манастын таятасы.
Эламан – 1.Төштүктүн атасы. 2. Манастын эл башкарган чоросу. Бул эки Эламан эки башка киши. Бир киши деп жаңылбаш керек.
Эбелек – 1. Камгактын бир түрү. Ошондон улам жеңил мүнөз, жеңил ойго өтмө мааниде колдонулат. 2. Мыкты бөрктөп кадаганда анын алдына коюлуучу нерсе. 3. Саптуу куралдын башын бекемдөө үчүн кагылуучу шынаа.
Элебей – байкабай, билбей, туйбай.
Этибар – назар. Этибарга алуу –назарга алуу, эстөө, көңүлгө салуу.
Эселек – 1. Акыл-эси толо элек, жетиле элек. 2. Акылсыз, эссиз. Кемпай.
Эмчилик – ооруну ырым-жырым, дуба менен дарылаган табыпчылык.
Эңгезер – бойдун келишимдүү, олбурлуу, сымбаттуу көрүнүшү.
Уңгусунан боек даярдалуучу, ташта өскөн өсүмдүк.
Эңшерүү – оодаруу, эңүү, жеңүү, кыргындоо, бүлгүндөө.
Эргилчек – жумуру жыгачтарды туурасынан аштап жасаган боз үйдүн, короонун эшиги.
Эриш – өрмөкчүлүктөгү жиптин узунунан кеткени, негизи. Ал бузулса бардык өрмөкчүлүк жокко чыгат. Ошол себептен “эриш бузуу” деген түшүнүк өтмө мааниде тартип бузуу, эрежеден чыгуу, кылмыш кылуу, ал тургай, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуу сыяктуу түшүнүктөргө өткөн.
Элтебер – эски замандагы мансап даражаларынын бири.
Эсирик – көпкөндүк, эссиздик.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: