Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

ИИМ: ЖКККББнын бөлүктөрүнө жаңы 150 ата мекендик өндүрүштөн чыккан автоунаа тапшырылды

Автор: МВД КР

Загружено: 2025-09-16

Просмотров: 523

Описание:

2025-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарындагы эски аянтта Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына арналган 150 жаңы кызматтык автоунааны тапшыруу жана ички иштер органдарынын кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын жетекчилери, чакырылган коноктор катышты.

Жаңы кызматтык унаалар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын республика боюнча бардык аймактык бөлүктөрүнө берилди. Алар кызматтык ишмердүүлүктү жогорулатуу, жол кырсыктарын алдын алуу жана жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү максатында колдонулат.

2025-жылы чыгарылган «Chevrolet COBALT» үлгүсүндөгү жаңы автоунаалар заманбап техникалык жана санариптик жабдуулар менен толук жабдылган. Аларга «Hytera» үлгүсүндөгү автомобилдик рациялар, GPS-навигациялык тутум, видеобайкоо камералары орнотулган. Ошондой эле ар бир унаада керектүү медициналык аптечка, өрт өчүргүч жана авариялык эскерткич белгилери бар.

Кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыргандан кийин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана башка жетекчилер тизилип турган жаңы автоунааларга кароо жүргүзүштү.

Алгач, Адылбек Касымалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына берилип жаткан 150 автоунаа боюнча токтолуп, Кыргызстанда чыгарылган автоунаалар менен тиешелүү кызматтарды камсыздоо өлкөнүн экономикалык кубатынын жогорулап жатканы менен байланыштырды.

“Мындай жетишкендиктер коомдогу тартипке жол ачууда. Коом тынч – заман тынч. Заман тынч болсо, мыйзамдарды сыйлап, коомдо кабыл алынган эрежелерди сактаган коом пайда болот. Ынтымак жана тартип орногон жерде – мамлекет туруктуу өнүгөт”-деди Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары, жайкы туристтик сезондо Ысык-Көл облусунда «Бирдиктүү коопсуздук кызматынын» курамында кызмат өтөп, кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, өзгөчөлөнгөн ИИМдин 16 кызматкерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан ыраазычылык билдирилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

ИИМ: ЖКККББнын бөлүктөрүнө жаңы 150 ата мекендик өндүрүштөн чыккан автоунаа тапшырылды

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(0) { }

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]