"Китепкөй үй-бүлө" конкурсу Назарбековдордун үй-бүлөсүндө
Автор: БАБК Медиа
Загружено: 2021-05-10
Просмотров: 753
Ушул жылдын 1-апрелинде Назарбековдордун үй-бүлөсүндө "китепкөй үй-бүлө" деген конкурс болуп өттү. Конкурс Г.Петровдун "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" китебинин негизинде болду. Конкурска 6 бир тууган өз үй-бүлөсү менен катышышты. Ал эми байге фонду, жол акысы жана уюштурууга кеткен каражаттарды бир туугандардын балдары колго алды.
Конкурс "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында өткөрүлүп, иш-чарага долбоордун жетекчиси Эрлан Смайыл уулу жана БАБК медианын координатору, оператор Бекбосун Муратбек уулу катышышты.
Конкурс шаңдуу маанайда өтүп, кызыктуу жана пайдалуу болду. Жыйынтыгында эң кызыгы жеңүүчүлөр үй-бүлөдөгү жаш өзгөчөлүгүнө жараша туура келди. Конкурстун чечими адилеттүү жана так чечилди.
Иш-чаранын негизги максаты: бир туугандар ортосунда ынтымакты бекемдөө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды арттыруу жана руханий азыктануу.
Иш-чара максатына жетти жана ар бир үй-бүлө мүчөсү өзгөчө маанайда ары пайдалуу, ары кызыктуу убакыт өткөрүү менен билим казынасын аз да болсо толтурууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: