Беш миллион киберчабуулга туруштук берген Кыргызстан...
Автор: Azamat LIVE KG
Загружено: 2025-06-22
Просмотров: 3151
Бул аптада Ысык-Көл облусу дүйнө жүзүнүн көңүл борборунда болду. Тактап айтканда Чолпон-Ата шаардында Кибрекоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференция өттү. Бул конференцияны уюштуруунун баштапкы максаты региондогу өлкөлөрдүн коркунучтарга себеп болуп жаткан санариптик тобокелчиликтер жана кооптуу учурларга каршы биргеликте күрөшүү. 150дөн ашык делегаттар тобу катышкан ЖККУ өлкөлөрүнүн киберкоопсуздук боюнча Биринчи Эл аралык конференциясын УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев ачып берип, олуттуу демилгелер менен сунуштарды талкууга таштады. Конференциянын алкагында ЖККУнун Консультативдик координациялык борборунун Кеңешинин жыйыны жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Улуттук кибер машыгуулар болуп өттү.
Аталган конференцияга улай ошол эле күнү мамлекет башчы Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларын кабыл алды. Анда терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу замандын коркунучтарына биргелешип каршы туруунун маанилүүлүгү талкууланды. Андан соң Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйыны, "Борбор Азия жана Россия" форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Экинчи жолугушуусу болуп өттү.
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
https://t.me/azamatlive
Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇
/ @azamatlivekg
#кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: