Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Маевкадагы жерлерди мыйзамсыз берүү боюнча 4 адам кармалды

Автор: Баракелде

Загружено: 2025-09-18

Просмотров: 105

Описание:

Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз трансформация кылган Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда Бишкек шаарынын Биринчи аай районунун Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгынын айыл чарба багытындагы жер тилкелерин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталды.

«2022-жылдын орто ченинен 2024-жылдын январь айына чейин «жер мафиясы» деп аталган айрым жарандар муниципалдык кызмат адамдары менен тил табышып, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин (кийин капиталдык курулуштар башаламандык менен курулган) бөлүп, сатып жибергени аныкталган.

Өз кезегинде Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарынын ичинен түзүлгөн жумушчу комиссия кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жер амнистиясына жамынып, №378 контурдагы 5,5 га жер тилкесин амнистиянын талаптарына туура келбесе да мыйзамсыз трансформациялаган.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кАламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Т.О.А., Маевка айыл аймагынын мурдагы башчысы К.Б.Т. жана жер тилкелерин мыйзамсыз сатууну ишке ашырган Д.Н.К. жана А.М.Ч. кармалып, №21 тергөө абагына камалды», - деп айтылат расмий маалыматта.

Маевкадагы жерлерди мыйзамсыз берүү боюнча 4 адам кармалды

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(0) { }

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]