Аполлон 11 — Айга чындап конгонбу? Же бул баары Голливудта тартылган спектакль беле?
Автор: Кыскача
Загружено: 23 янв. 2025 г.
Просмотров: 40 786 просмотров
#ай #кыргызча #кыскача #кызыктуу #маалымат
Бул видеодо айга кандай учуп барып келгени кыскача сүрөттөлгөн.
00:00 Башталышы
01:02 Сатурн 5 ракетасы
08:16 Айдагы материалдык далилдер
1969-72-жылдарда Айга 7 жолу учурулуп («А.-11» «А.-17»), алардын алтоо Айга конгон, бирөө («А.-13», 1970) экспедициянын негизги блогунун энергия менен камсыздоо системасы бузулуп, космос кемеси Жерге кайткан. «Аполлондун» Айга учушу 8-12 суткага жетип, Айда болуу убактысы 21,5-75 с-га эсептелген. 1969-жылы 21-июлда «А.-11» кемесинде Н. Армстронг жана Э. Олдрин (экипаждын үчүнчү мүчөсү М. Коллинз айга жакын орбитада негизги блокто калган) Ай бетине конушкан.
Алардын негизги максаттарынын бири Жерге Ай топурагынан алып келүү болгон. Ай орбитасына жеткенде экөө Ай кабинасына өтүп, аны менен Айга конгон, тапшырмалар аткарылгандан кийин ошол кабина менен кайра учуп, ал орбитада калган орбиталык кеме менен кайрадан бириктирилип, Жерге кайтып келген. «А.-15» (1971), «А.-16» жана «А.-17» (1972) Ай экспедицияларында Айга эки орундуу «Ровер» планетоходу астронавттарды Ай бетине түшүргөн. 1972-жылы «Аполлон» ишин аяктаган.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: