Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

ХИТ БОЛУП ЖАТКАН "АЙ СЕКЕТ" ЫРЫ. СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ (сөзү, обону: ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ. 1997-ж.)

Автор: АЙТЫШ ДҮЙНӨСҮ

Загружено: 2025-04-24

Просмотров: 136485

Описание:

«Ай секет».✨

Арманым бойго сыйбады, секет,
Ашыктык дарты кыйнады, секет.
Күйүтүм бойго сыйбады, секет,
Курбулук күчү кыйнады, секет.
Өзүңдү сүйдүм бир гана, секет,
Өзөгүм күйөт тим гана, секет.
Даңктайын ырдап сүйүүмдү эми,
Табалбайм башка бир даба, секет.

Жылдызы болбо жанымдын, секет,
Жыл өтпөй туруп сагындым, секет.
Айы сен болбо жанымдын, секет,
Ай өтпөй туруп сагындым, секет.
Өзгөчө кыздар элде көп, бирок
Өзүңө гана багындым, секет!

Мерседес сымал зыркырап, секет,
Мезгилдер алга умтулат, секет.
Экөөбүз гана билели эми,
Эшигин сырдын кулпулап, секет.

Сай-сайдан ылдый суу агат, секет,
Саргайып жүрөк ууланат, секет.
Самаган акын өзүңдү анан,
Сагынбай кантип тура алат, секет?
Коктудан ылдый суу агат, секет,
Козголуп жүрөк ууланат, секет.
Каалаган акын өзүң деп анан,
Какшабай кантип тура алат, секет?

Баскамын сенин артыңдан, секет,
Баргандан бирок тартынгам, секет.
Кайкалай бүткөн далыңды сенин,
Кара бир чачың жайпаган, секет.
Өрттөнүп жүрөк жанчылды, секет,
Өзүңсүң жазар жарпымды, секет.
Жылмайсаң түн да жарк этет, аттиң!
Жылдыздан түшкөн жансыңбы, секет?

Өрттөдүң күйгөн күл калды, секет,
Өмүргө келген бир жанды, секет.
Төгүлгөн кундуз чачыңды сенин,
Төшөктөн көрөр күн барбы, секет?
Күйгүздүң күйгөн күл калды, секет,
Күнүмдүк келген бир жанды, секет.
Жайкалган кара чачыңды сенин,
Жаздыктан көрөр күн барбы, секет?

Кырдан кар эрип агылар, секет,
Кыйноонун дагы жазы бар секет.
Кыса бир кармап белиңден сенин,
Кызыгым бир күн жазылар, секет.
Сайдан кар эрип агылар, секет,
Санаанын дагы жазы бар, секет.
Саамайың сылап, бой балкып, чиркин,
Сагынчым бир күн жазылар, секет!

Саамайың сылап, бой балкып, чиркин,
Сагынчым бир күн жазылар, секет!
Сагынчым бир күн жазылар, секет!

Сөзү, обону: Элмирбек Иманалиев.

#айтыш #rek #айтышдүйнөсү #рек #айтыс #комуз #элмирбекиманалиев #сыймыкбейшекеев

ХИТ БОЛУП ЖАТКАН "АЙ СЕКЕТ" ЫРЫ. СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ (сөзү, обону: ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ. 1997-ж.)

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

Жаныбек Онолбаев-Сирендерим //Жаны клип 2023//Хит

Жаныбек Онолбаев-Сирендерим //Жаны клип 2023//Хит

Биринчи ырымды сүйүп калган медайымга арнагам | Сыймык Бейшекеев | Накта Подкаст

Биринчи ырымды сүйүп калган медайымга арнагам | Сыймык Бейшекеев | Накта Подкаст

МЫНА САГА ТЕКЕБАЕВ АЙТКАНДАЙ БОЛДУ БУЛ ЖАГЫ! Бүгүнкү кабарлар

МЫНА САГА ТЕКЕБАЕВ АЙТКАНДАЙ БОЛДУ БУЛ ЖАГЫ! Бүгүнкү кабарлар

МАХАБАТ СЫРЫ – Сыймык Бейшекеев

МАХАБАТ СЫРЫ – Сыймык Бейшекеев

Элмирбек Иманалиев-Ай секет

Элмирбек Иманалиев-Ай секет

Жалал-Абадда каза болгон 32 жаштагы келиндин жакындары акыйкаттык издешет

Жалал-Абадда каза болгон 32 жаштагы келиндин жакындары акыйкаттык издешет

Кыргыз-Өзбек эне баланын өзгөчө мамилеси

Кыргыз-Өзбек эне баланын өзгөчө мамилеси

Манас төрөтө тургандар бар экенине ишенбейм

Манас төрөтө тургандар бар экенине ишенбейм

СНОС Унивсерсал командасындагы САДЫК  концерт берди

СНОС Унивсерсал командасындагы САДЫК концерт берди

Каныкей & Ырыскелди Сатыбалдиев _ Санат ыры /ЖАҢЫ КЛИП/ 2023

Каныкей & Ырыскелди Сатыбалдиев _ Санат ыры /ЖАҢЫ КЛИП/ 2023

“Арстанбектен алп саптар”

“Арстанбектен алп саптар”

Элмирбек Иманалиев булбулум :

Элмирбек Иманалиев булбулум :

Сүйүүсү менен суктанткан эки жаш

Сүйүүсү менен суктанткан эки жаш

Айбек карымов-Корком

Айбек карымов-Корком

"Эки дос" саясий модели дүйнө жүзүндө жок | Ыдырыс Исаков| Ernis Kyiaz Podcast

Роза Аманова Ооган ыйы

Роза Аманова Ооган ыйы

Элмирбек Иманалиев, Күн чыгат кайра кайра,Мен чыкпай батып барам

Элмирбек Иманалиев, Күн чыгат кайра кайра,Мен чыкпай батып барам

🎵 Окунуч || Калыс Айтбаев аккордеон менен ырдады / автор Жеңишбек Сатыбалдиев

🎵 Окунуч || Калыс Айтбаев аккордеон менен ырдады / автор Жеңишбек Сатыбалдиев

Аалы Туткучев баарын ыйлатты Элмирбек Иманалиевтин акыркы айтышы

Аалы Туткучев баарын ыйлатты Элмирбек Иманалиевтин акыркы айтышы

Ынак Осмоналиев Айлуу кеч

Ынак Осмоналиев Айлуу кеч

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]