Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгына карата видео. Айтматов ааламы. 12-декабрь. Чыңгыз Айтматов 94 жашта.

Айтматов 94 жашта

Айтматовдун 94 жылдыгы

Айтматов ааламы

Токтогул Сатылганов

2022 видео

Жаны кыргыз кино 2022

Айтматовдун 94 жылдыгына карата видео

Айтматов иш чара

Ачык сабак Айтматов

Айтматоы

чынгыз айтматов

Жамийла

Тоолор кулаганда

Кыргызча сабактар

Ысмайыл

Кылым карытар бир кун

Чынгыз хандын ак булуту

Чынгыз Айтматовду эскеруу

Сыймык Бейшекеев Махабат дастаны

Jah Khalib доча

2022

Тарбиялык саат

Чынгыз Айтматовдун 94 жылдыгы

Автор: Гүлжамал Маматазимова

Загружено: 28 нояб. 2020 г.

Просмотров: 10 980 просмотров

Описание:

Чынгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата видео, слайд.

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.

"Литературная газета", "Новый мир", "Литературный Киргизстан" журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон.

1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.

Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына жана "Киргизстан" альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле В. Катаевдин "Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болот. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана "Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда "Бетме-бет" повести кыргыз прозасына жаңылык катары кирди. "Обон", "Жамийла" повесттери кыргыз идеялык-эстетикалык проблематикасы жана ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты менен кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп тилдерге которулду. "Жамийла" өнүп-өсүп калган кыргыз прозасынын жаңы сапатка жетишип, өркүнү өскөн адабияттардын деңгээлине көтөрүлгөнүн дүйнөгө маалым кылды. Ошондон бери Айтматов жаңы чыгармаларында сейрек кездешүүчү талантынын улам жаңы кырларын ачып келе жатты. 

"Кызыл жоолук жалжалым" ("Тополёк мой в красной косынке", 1961), "Бото көз булак" ("Верблюжий глаз", 1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963) деген повесттеринде жазуучунун нравалык, философиялык изденүүлөрү андан ары тереңдеп, чеберчилиги бийиктен бийикке көтөрүлгөн. Аларды айрыкча "Биринчи мугалим" повестинен ачык көрүүгө болот. Повесть өткөндөгү окуяларды сүрөттөсө да, азыркы мезгил менен үндөш көйгөйдү козгойт. Башкы каарман Дүйшөн өктөмдүгү, өз идеалы үчүн курман болууга кайылдыгы менен адабияттагы Левинсон, Павел, Корчагиндин образдарына барабар турат. 

Анын "Саманчынын жолу" повести Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгегин даана сүрөттөйт. Чыгарманын баш каарманы Толгонайдын элеси аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз аялынын типтүү образын түзгөн. Бул трагедиялуу боектор менен жазылган зор оптимисттик күчкө ээ болгон Толгонайдын образына күчтүү драмалык чыйралыш, терең психологизм, эпикалык кеңири масштабдуулук мүнөздүү. Ал эми "Жаныбарым, Гүлсарым!" ("Прощай, Гульсары") повестинин жарык көрүшү көп улуттуу совет адабиятына зор идеялык-эстетикалык табылга катары кирип, кыргыз прозасы социалисттик реализм жолунда дагы алдыга илгерилегенин далилдеди. Чыгарманын сюжетин кураган окуялар кыргыз айылынын турмушу менен чектелсе да, анда жалпы совет коомуна орток маселелер көтөрүлгөн. Ак ниеттүүлүк менен кара санатайлыктын ортосундагы "түбөлүк" конфликт повестте жаңыча, партиялык принципте чечилген. Танабай менен Гүлсарынын образдары өтмө катары айкалышып, өзүнчө бир жалпыланган образды түзөт. 

Айтматовдун "Ак кеме" аттуу повести жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө мааниге ээ. Бул чыгармада адам тагдырынын не бир катаал жактарын изилдөөдөгү жазуучунун кыраакылыгы, интеллектуалдуулугу, ийкемдүүлүгү көрүндү. Повесттин гуманисттик пафосу баштан-аяк адамдын бийик сапаты жана нравалык тазалыгын даңазалайт. Повесттеги "балык" болуп сууга агып кеткен баланын образы, куулук-шумдугу жоктугу, ак пейилдүүлүгү менен айырмаланып, адамды ар кандай бузукулукка, арамдыкка, зомбулукка каршы активдүү күрөшүүгө чакырат.

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгына карата видео. Айтматов ааламы. 12-декабрь. Чыңгыз Айтматов 94 жашта.

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

Т. Айтматовдун 120 жана Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара

Т. Айтматовдун 120 жана Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара

Nightcore Music Mix 2025 🎧 EDM Remixes of Popular Songs 🎧 EDM Best Gaming Music Mix

Nightcore Music Mix 2025 🎧 EDM Remixes of Popular Songs 🎧 EDM Best Gaming Music Mix

ДЕСАНТНИК СТЁПОЧКИН ( ВСЕ СЕРИИ ) без титров и реклам. #вдв #дшв

ДЕСАНТНИК СТЁПОЧКИН ( ВСЕ СЕРИИ ) без титров и реклам. #вдв #дшв

КЫЗЫЛ АЯНТКА КӨРК КОШКОН КЫРГЫЗ ЖООКЕРЛЕРИ

КЫЗЫЛ АЯНТКА КӨРК КОШКОН КЫРГЫЗ ЖООКЕРЛЕРИ

Чынгыз Айтматов өмүр баяны.

Чынгыз Айтматов өмүр баяны.

Grand Theft Auto VI Trailer 2

Grand Theft Auto VI Trailer 2

Как Гитлер стал Нацистом? - Биография

Как Гитлер стал Нацистом? - Биография

✅Каково жить в Чернобыльской Зоне? ☢ Выживание в ЧЗО

✅Каково жить в Чернобыльской Зоне? ☢ Выживание в ЧЗО

Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу М.Догдуров атындагы мектеби  7-класс  Керимова Улархан

Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу М.Догдуров атындагы мектеби 7-класс Керимова Улархан

سورة البقرة كاملة بدون اعلانات فضيلة الشيخ سعود الشريم surah baqarah saud shuraim

سورة البقرة كاملة بدون اعلانات فضيلة الشيخ سعود الشريم surah baqarah saud shuraim

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]