Баяс Байсейитов - Боз торгоюм(cover) 2025
Автор: Bayas Baiseiitov
Загружено: 2025-12-04
Просмотров: 291
Баяс Байсейитов - Боз торгоюм 2025
сөзү: К.Жакыпов
обону: А.Карымов
https://www.instagram.com/bayas_baiseyitov...
Сезиминде кири жок секелегим,
Сенин келет колуңдан жетелегим.
Сездире албай жүрөмүн, сездире албай,
Сезим оту жүрөктө өчө элегин.
Кайырма:
Токтоло элек мүнөзү, боз торгоюм,
Тура албайсың жанымда шоктонмоюн.
Туура түшүн, кара көз, туура түшүн,
Турмуш супсак, жүрөктө от болмоюн.
Агаң болуп жүрөмүн абройлуу,
Ачык айтам канткенде анык ойду?
Абай салып байкачы, карлыгачым,
Азап болду агаңа, азап болду.
Шыбырт болсо шырп учкан чымчыктайым,
Чырмалышкан ойлорго тумчукпайын.
Чырак болуп жагылдың кеч күүгүмдө
Чырайыңды эш тутуп тынч уктайын.
#бозторгоюм #баясбайсейитов #хит #ырдапжаша
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: