«Ата-Бейитте» 137 адамдын сөөгү табылса, Өзгөндө андан да көп адам көмүлгөн жер бар
Автор: Эсимде
Загружено: 11 мая 2023 г.
Просмотров: 31 118 просмотров
Кезектеги чыгарылышыбызда тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын ардагери, запастагы полковник Болот Абдрахманов Өзгөн районундагы репрессия жылдарында жашыруун атылып көмүлгөн адамдар тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, Куршаб айылынын четиндеги бир нече гектар жердеги дөңсөөлөр — массалык репрессиянын курмандыктары көмүлгөн мүрзөлөр.
«Ата-Бейитте» 137 адамдын сөөгү табылганы белгилүү. Ал эми Өзгөндөгү бул талаада андан да көп киши көмүлгөн болушу мүмкүн. Тилекке каршы, учурда ошол жер таштанды төгүүчү жайга айланып жатканы — улут үчүн унутулгус кайгы, — дейт Абдрахманов.
#esimde #репрессия

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: