Айыл чарба тармагына байланыштуу бир катар мыйзамдар Бузуулар жөнүндө кодекске шайкеш келтирилүүдө
Автор: Kyrgyztoday kg Кыргызстан бүгүн (Кыргызстан сегодня)
Загружено: 19 нояб. 2019 г.
Просмотров: 68 просмотров
18-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.
1-окуудагы мыйзам долбоору боюнча КР Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, долбоор аркылуу КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, “Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга бузуулар жөнүндө протокол түзүү жана тиешелүү бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Тагыраак айтканда, “Үрөн жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесиндеги «административдик укук бузуулар» деген сөз айкашы «»бузуулар жөнүндө деген сөз айкашына, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө” мыйзамдын 11-23-беренелерин күчүн жоготту деп таануу, 22-беренесин жаӊы редакцияда жазуу жана “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин 3-пунктун жаӊы редакцияда жазуу сунушталган.
Мыйзам долбоору комитеттин колдоосуна ээ болду.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: