Жаңылыктар | 18.10.2021 | Сох анклавына аэропорт курулду
Автор: Азаттык
Загружено: Прямой эфир состоялся 18 окт. 2021 г.
Просмотров: 39 229 просмотров
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы:
00:00 start
01:06 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык окуялары боюнча козголгон иш сотто карала баштады. Айыпталуучулар аларга карата саясий куугунтук жүрүп жатат деп билдиришти.
04:30 Министрлер кабинети дары-дармектин баасын талкуулады. Жыйынтыгында дары-дармектин базар наркын аныктоо ыкмаларын кайра карап чыгуу, калк үчүн эң керек дарылардын баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Бул чечимин өкмөт ишке кантип ашырганы жатат? Адистен сурап көрдүк.
08:11 Бүгүн, 18-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоого республика боюнча бирдиктүү округдан катышууга ниеттенген партиялардан арыз кабыл алуу мөөнөтү аяктады.
08:48 Таласта бүгүн, 18-октябрда такси жана оор жүк ташуучу автоунаалардын отуздан ашуун айдоочусу облустук акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты.
09:27 Сокулуктун Новопавловка айлынын 15 жаштагы өспүрүмү жараат алган окуяга байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталды.
10:08 Коомдук телерадио корпорациясынын мурдагы директору Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды.
10:51 Бишкекте бүгүн Кыргыз Республикасынын эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен коштошуу зыйнаты өттү.
11:31 Орусияда COVID-19га чалдыккандардын саны беш күн катары менен эң жогорку чегин көрсөтүүдө. Соңку бир сутка аралыгында өлкөдө 34 325 адамдан коронавирус табылды. Күн сайын миңден ашуун адам каза табууда.
12:31 Казакстандын дипломаттары "Талибан" өкмөтү менен Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулоо үчүн Кабулга барды.
13:10 Өзбекстандын Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Сох анклавында жаңы аэропорттун курулушу аяктады. Аэропорттун жалпы аянты жети гектар, учуп-конуу тилкесинин узундугу 700 метр.
13:51 Канат Рыскуловдон социалдык түйүндөрдөгү эң кызыктуу көрүнүштөр топтому.
14:05 Temirov live’дын иликтөөчү журналисттери кеңсесинен “Шорох” аттуу тыңшоочу жабдык табышканын айтып чыгышты эле. Бүгүн аны төгүндөп, чекисттер эмес, мурунку кожоюндуку экенин аныкташты.
14:44 Саясатчылардын түнкү видеочырын да кеп кылалы. Алгач саясатчы Өмүрбек Текебаев Эдил Байсаловго арналган видео жаздырып, көптөгөн саясатчылар Байсаловду “Ата Мекенден” тарбияланып, андан ары жолун улап кеткенин, ошол себептен партия тууралуу жаман сөз жайылтпасын айтты. Ошол эле түнү, эмоциялар сууй электе, Эдил Байсалов видео аркылуу Текебаевге кайрылып, “Партиялык коррупция Текебаевден” башталганын айтып чыкты. Эки көрүнүктүү инсандын кызыл чеке талашына бүтүндөй Кырнет күбө.
15:42 Албетте, жагымдуу жаңылыктар да бар. Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Орусиянын “Голос” долбоорунда кийинки айлампага чыкты.
16:31 19-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
#БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Кыргызстан #Сох

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: