Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Мүлктү сатуудан түшкөн киреше салыгын кантип төлөө керек?

Автор: Салык кызматы

Загружено: 2025-09-09

Просмотров: 159

Описание:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө эскертет. Эгерде жаран мүлккө бир жылдан көп эмес убакыт ээлик кылган болсо, анда мүлктү сатуудан түшкөн кирешеден киреше салыгын төлөөгө милдеттүү.

КРдин салык мыйзамдарына ылайык, турак үйдү, батирди же автоунааны сатууда алынган кирешеден 10 пайыз өлчөмүндө, тактап айтканда сатып алуу суммасы менен сатуу суммасынын ортосундагы айырмага киреше салыгын төлөө зарыл. Эгерде мүлк 1 жылдан кийин сатылса, сатуу суммасына карабастан, киреше салыгы төлөнбөйт.

Бирок, турак эмес жайларды сатууда киреше салыгы иштөө мөөнөтүнө карабастан төлөнөт.

Салыкты кантип төлөө керек?

Киреше салыгын cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу төлөөгө болот. Системага кирүү үчүн салык органы тарабынан берилген логин жана сыр сөздү колдонуу керек.
Ошондой эле, санариптик кол тамга же «Түндүк» аркылуу авторизациядан өтүү менен кирүүгө болот.

Системага киргенден кийин “Салыктарды төлөө” бөлүмүн, андан кийин «Салык төлөмдөрүн төлөө» бөлүмүн тандоо зарыл.

Анан соң төмөнкүлөрдү көрсөтүү кажет:
• Салыктын түрү — «Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы»;
• Салыктын суммасы.
Андан кийин «Төлөө» баскычын басып, ыңгайлуу төлөм ыкмасын тандоо керек (төлөө коду, QR-код же банк картасы аркылуу).

Салык декларациясын толтуруу

Киреше салыгы 1-майда тапшырыла турган салык декларациясын тапшыруудан мурун төлөнүшү керек экенин эстен чыгарбоо зарыл.

Мисалы, эгерде салык төлөөчү мүлктү 2025- жылы саткан болсо, анда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүнөн кечиктирбестен, 2026-жылдын 1-майына чейин төлөшү керек.

Салык декларациясын салык төлөөчүнүн кабинетинде “Отчетторду тапшыруу” бөлүмү аркылуу онлайн тапшырууга болот.
Ишкердик менен алектенбеген жеке жактар STI-100 формасын тапшырышат (1 тиркеме, 155 уяча, 1 бөлүм, “Салык салынуучу кирешелер”).

Жеке ишкерлер STI-102 формасын толтурушат ( 5 тиркеме, 505 уяча, 1 бөлүм, “Салык салынуучу кирешелер”).

Декларацияда сатылган мүлктөн алынган киреше көрсөтүлөт, бирок мүлк сатып алуу же курулуш үчүн кеткен чыгымдар, ошондой эле оңдоого же түзөөгө кеткен чыгымдар эсептен чыгарылат.

Мүлктү сатуудан түшкөн киреше салыгын кантип төлөө  керек?

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(0) { }

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]