Тигүү тармагы "кулап", ишкерлер Өзбекстанга кете баштады/ Өкмөт качан чара көрөт?/ Жасур Парпиев
Автор: Эламан Карымшаков
Загружено: 2026-01-09
Просмотров: 83533
Кыргызстанда тигүү тармагы каатчылыкка тушукту. Күрүлдөп иштеп жаткан кийим тигүү цехтери биринин артынан бир жабылып жатат. Ишкерлер эгер өкмөт антикризистик план иштеп чыкпаса экономика чоң жоготууга учурай турганын айтууда. Эмне үчүн мындай кырдаал жаралды жана кантип чыкса болот деген теманын айланасында "ЖасМир" фабрикасынын жетекчиси Жасур Парпиев менен баарлаштык.
Өздөрүнүн болжолдуу эсеби боюнча күздөн бери 4000ден ашуун цех жабылган. Ишкер жарым миллиондон ашуун адам эмгектенген тигүү тармагын чукул арада сактап калбаса, кесепети оор болорун айтууда. Ал өкмөт ийкемдүү болуп, диалог түзүп, ыкчам чара көрүшү керектигин белгиледи.
"Экономика министрлигине канча жолу бардык, сунуштарыбызды айтык, жыйынтык жок. Өзбекстан тигүү фабрикаларына өзгөчө көңүл буруп, бүт шартты түзүп өнүктүрүп жатат. Мен тааныган эле 5-6 ишкер ошол жакка барып цех ачты", — деди Парпиев.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: