Салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркасы жок 1820 куту тамекини тартып алды
Автор: Салык кызматы
Загружено: 17 апр. 2025 г.
Просмотров: 129 просмотров
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салыктык рейддик контролунун жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын "Береке" базарынан мыйзамсыз тамеки продукцияларын аныкташты.
Тактап айтканда, базардагы соода түйүндөрүнүн биринен жалпы суммасы 200 миң 200 сомдон ашкан 1 820 куту тамеки продукциялары тартып алынды. Продукциянын акциздик маркасы жана тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес.
Бул факты боюнча жеринде КРнын мыйзамдарына ылайык баштапкы процессуалдык документтер таризделип, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, 1000 даанага чейин акциздик маркасы жок тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып пул салынат, ал эми 1000 даанадан көп болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Салык кызматы ишкерлерди акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын сатпоого, акциздик марканын аныктыгын жана шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.
Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: